# 17-берене. Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат чөйрөсүндөгү, ошондой эле коммерциялык жана башка уюмдардын ишиндеги коррупцияга каршы стандарттар

- Документ: [Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230040756)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 13-февралындагы № 14 "Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 14
- Кабыл алынган күнү: 13.02.2026
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 13.02.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230040756/st-17>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/230040756/edition/47259/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230040756/st-17.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.02.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө, 17-берене (13.02.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230040756/st-17

---

1. Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарын ээлеген адамдардын арасында коррупциянын алдын алуу максатында төмөнкүдөй чаралар көрүлүүгө тийиш:

1) мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматчыларынын кесиптик жана кызматтан тышкары иштеги этикалык жүрүм-турумдун бирдиктүү принциптерин жана стандарттарын аныктаган этикалык жүрүм-турумунун эрежелерин бекитүү;

2) коррупциянын алдын алууну камсыз кылуучу чектөөлөрдү, тыюу салууларды жана талаптарды киргизүү;

3) мүмкүн болгон коррупциялык көрүнүштөрдүн алдын алуу үчүн ишмердүүлүктү ички контролдоо жана талдоо тутумдарын иштеп чыгуу жана киргизүү.

2. Кыргыз Республикасынын бюджеттик тутумунун бюджеттеринен каржылануучу коммерциялык жана башка уюмдарда кызмат өтөө чөйрөсүндө коррупциянын алдын алуу максатында төмөнкүдөй чаралар алдын ала көрүлүүгө тийиш:

1) корпоративдик маданияттын эрежелерин, бизнестин ак ниеттүүлүгүнүн укуктук жана этикалык ченемдерин (комплаенс-программаларын) камтыган ички актыларды кабыл алуу, ошондой эле коррупциялык тобокелдиктердин ыктымалдуулук жана маанилүүлүк даражасын эске алуу менен аларды азайтуу боюнча чараларды көрүү;

2) коррупциялык укук бузуулар жасалган учурлар боюнча ички иликтөөлөрдү жүргүзүүнү камсыз кылуу, алдын алуучу чараларды киргизүү;

3) ачыктыкты жана расмий сайттарга маалыматтарды жайгаштыруу аркылуу иштин жыйынтыктары жөнүндө коомчулукка маалымдоону камсыз кылуу.

---

Мурунку берене: [16-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230040756/st-16)  
Кийинки берене: [18-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230040756/st-18)
