# 16-берене. Кызыкчылыктардын кагылышуусу

- Документ: [Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230040756)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 13-февралындагы № 14 "Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 14
- Кабыл алынган күнү: 13.02.2026
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 13.02.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230040756/st-16>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/230040756/edition/47259/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230040756/st-16.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.02.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө, 16-берене (13.02.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230040756/st-16

---

1. Ушул Мыйзамдын 6-беренесинде көрсөтүлгөн адамдар кызматтык ишин жүзөгө ашырууда мүмкүн болгон кызыкчылыктардын кагылышуусуна жол бербөө же болбосо учурдагы кызыкчылыктардын кагылышуусун жөнгө салуу боюнча жоопкерчиликти өзүнө алууга, ошондой эле бул жөнүндө өзүнүн түздөн-түз жетекчисине бул тууралуу аларга белгилүү болуп калары менен жазуу жүзүндө билдирүүгө милдеттүү.

2. Мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын, мекеменин, уюмдун же ишкананын жетекчиси ушул Мыйзамдын 6-беренесинде көрсөтүлгөн адамдардын кызматтык ишинде мүмкүн болгон кызыкчылыктардын кагылышуусун талдоо, бул адамдардын кызыкчылыктардын кагылышуусу тууралуу арыздарын кароо, кызыкчылыктардын кагылышуусун алдын алуу же аныктоо үчүн контролдоо, текшерүү, кызыкчылыктардын кагылышуусу орун алгандыгы жөнүндө үчүнчү жактардан келип түшкөн маалыматты изилдөө жана кызыкчылыктардын кагылышуусун жөнгө салуу же болбосо тиешелүү органдарга маалымдоо аркылуу кызыкчылыктардын кагылышуусун болтурбоо же жөнгө салуу боюнча чараларды көрүүгө милдеттүү.

3. Ушул Мыйзамдын 6-беренесинде көрсөтүлгөн, кызыкчылыктардын кагылышуусун болтурбоо же жөнгө салуу боюнча талаптарды бузууга жол берген адамдар, ошондой эле алардын жетекчилери Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат.

4. Ушул Мыйзамдын 6-беренесинде көрсөтүлгөн адамдардын ишиндеги кызыкчылыктардын кагылышуусун аныктоонун жана жөнгө салуунун уюштуруучулук жана укуктук негиздери, алардын милдеттери жана мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын, мекеменин, уюмдун же ишкананын жетекчилеринин милдеттери кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндө мыйзамдар менен жөнгө салынат.

---

Мурунку берене: [15-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230040756/st-15)  
Кийинки берене: [17-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230040756/st-17)
