# 14-берене. Коррупциялык тобокелдиктерди талдоо

- Документ: [Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230040756)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 13-февралындагы № 14 "Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 14
- Кабыл алынган күнү: 13.02.2026
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 13.02.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230040756/st-14>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/230040756/edition/47259/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230040756/st-14.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.02.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө, 14-берене (13.02.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230040756/st-14

---

1. Коррупциялык тобокелдиктерди изилдөө жана талдоо мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын административдик жол-жоболорундагы, иш-милдеттериндеги жана ыйгарым укуктарындагы коррупциялык укук бузууларды жасоого өбөлгө түзүүчү шарттарды аныктоого жана жоюуга багытталган.

2. Мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары өз компетенциясынын чегинде коррупциялык тобокелдиктерге ички талдоо жүргүзүүгө жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген тартипте аларды жоюу боюнча чараларды көрүүгө милдеттүү.

Мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары коррупциялык тобокелдиктерге талдоо жүргүзүүгө адистерди жана эксперттерди тартууга укуктуу.

3. Ыйгарым укуктуу орган коррупциялык тобокелдиктерге мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан талдоо жүргүзүүнүн объективдүүлүгүнө жана толуктугуна мониторинг жүргүзөт.

4. Коррупциялык тобокелдиктерди аныктоонун, баалоонун жана башкаруунун тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет.

---

Мурунку берене: [13-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230040756/st-13)  
Кийинки берене: [15-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230040756/st-15)
