# 13-берене. Коррупцияга каршы мониторинг. Коррупция чөйрөсүндөгү изилдөөлөр

- Документ: [Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230040756)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 13-февралындагы № 14 "Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 14
- Кабыл алынган күнү: 13.02.2026
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 13.02.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230040756/st-13>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/230040756/edition/47259/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230040756/st-13.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.02.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө, 13-берене (13.02.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230040756/st-13

---

1. Коррупцияга каршы мониторинг коррупциянын деңгээлинин объективдүү көрсөткүчтөрүн калыптандырууга, ошондой эле коррупцияга каршы ишке ашырылып жаткан чаралардын натыйжалуулугун баалоого, алынган дайындарды коррупциялык укук бузуулардын, коррупциогендик факторлордун өз убагында алдын алуу, аныктоо жана жоюу үчүн талдоого жана баалоого багытталган.

2. Коррупцияны изилдөөлөр жана талдоолор коррупцияны жаратуучу факторлор жөнүндө дайындардын булактары болуп саналат, коррупцияга каршы адекваттуу чараларды иштеп чыгууга жардам берет жана мамлекеттин жана коомдун турмушунун бардык чөйрөлөрүндө социологиялык, атайын жана илимий изилдөөлөрдү өзүнө камтыйт.

3. Мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары өз компетенциясынын чегинде сандык жана сапаттык усулдарды колдонуу менен коррупцияга каршы мониторингди жана коррупция боюнча изилдөөлөрдү жүргүзүшөт.

Мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары коррупцияга каршы мониторингге жана коррупция боюнча изилдөө иштерине жарандык коомдун институттарынын, илимий жана академиялык чөйрөнүн өкүлдөрүн тартууга укуктуу.

4. Коррупцияга каршы мониторингдин жана изилдөөлөрдүн жыйынтыктары коррупциянын алдын алуу боюнча жаңы чараларды иштеп чыгуу же болбосо көрүлүп жаткан чараларды өркүндөтүү үчүн пайдаланылат, ошондой эле мыйзамдарды өркүндөтүү, коррупцияга каршы аракеттенүү чөйрөсүндө мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу, коррупциялык тобокелдиктерге талдоо жүргүзүү боюнча сунуштарды иштеп чыгуу үчүн ченем жаратуу жана укук колдонуу ишинде колдонулат.

5. Мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары коррупцияга каршы ички мониторингдин, изилдөөлөрдүн жана талдоонун жыйынтыктарын ыйгарым укуктуу органга жөнөтүлүүчү отчетторго киргизүүгө милдеттүү, ал алынган маалыматтарды коррупциянын абалы жана коррупцияга каршы саясатты ишке ашыруу жөнүндө жыйынтыктоочу отчетко киргизет.

6. Коррупцияга каршы мониторинг жүргүзүүнүн тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.

---

Мурунку берене: [12-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230040756/st-12)  
Кийинки берене: [14-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230040756/st-14)
