# 12-берене. Коррупциялык укук бузуулардын алдын алуу боюнча чаралардын тизмеги

- Документ: [Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230040756)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 13-февралындагы № 14 "Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 14
- Кабыл алынган күнү: 13.02.2026
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 13.02.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230040756/st-12>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/230040756/edition/47259/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230040756/st-12.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.02.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө, 12-берене (13.02.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230040756/st-12

---

1. Коррупциянын алдын алуу боюнча чаралар коррупциялык укук бузууларды жасоого өбөлгө түзүүчү себептерди жана шарттарды изилдөөгө, аныктоого, ошондой эле жоюуга багытталган.

2. Коррупциялык укук бузуулардын алдын алуу төмөнкүдөй алдын алуу чараларын колдонуу аркылуу жүргүзүлөт:

1) коррупцияга каршы мониторинг, коррупция чөйрөсүндөгү изилдөөлөр;

2) коррупциялык тобокелдиктерди талдоо;

3) ченемдик укуктук актыларга жана ченемдик укуктук актылардын долбоорлоруна коррупцияга каршы экспертиза;

4) кызыкчылыктардын кагылышуусун болтурбоо жана жөнгө салуу;

5) мамлекеттик жана муниципалдык кызмат жаатында, ошондой эле мамлекеттик сектордун коммерциялык жана башка уюмдарынын кызмат чөйрөсүндө коррупцияга каршы стандарттарды киргизүү жана сактоо;

6) коррупцияга каршы чектөөлөрдү киргизүү жана сактоо;

7) мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишинин ачык-айкындуулугун камсыз кылуу;

8) финансылык контролдоо;

9) коррупцияга каршы маданиятты калыптандыруу;

10) коомчулуктун коррупцияга каршы аракеттенүүгө катышуусу.

---

Мурунку берене: [11-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230040756/st-11)  
Кийинки берене: [13-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230040756/st-13)
