# 11-берене. Мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, мамлекеттик жана муниципалдык мекемелердин жана ишканалардын, ошондой эле мамлекеттик же муниципалдык катышуу үлүшү бар юридикалык жактардын милдеттери

- Документ: [Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230040756)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 13-февралындагы № 14 "Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 14
- Кабыл алынган күнү: 13.02.2026
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 13.02.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230040756/st-11>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/230040756/edition/47259/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230040756/st-11.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.02.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө, 11-берене (13.02.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230040756/st-11

---

1. Мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, ыкчам башкаруу, чарба жүргүзүү принциптеринде иштеген мамлекеттик жана муниципалдык мекемелердин жана ишканалардын, ошондой эле мамлекеттик же муниципалдык катышуу үлүшү бар юридикалык жактардын жетекчилери өз компетенциясынын чегинде ушул Мыйзамдын талаптарынын аткарылышын камсыз кылат жана коррупциялык укук бузуулардын алдын алуу боюнча кызматтык милдеттерин аткарбагандыгы же талаптагыдай аткарбагандыгы үчүн жоопкерчилик тартат.

2. Мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, ыкчам башкаруу, чарба жүргүзүү принциптеринде иштеген мамлекеттик жана муниципалдык мекемелердин жана ишканалардын, ошондой эле мамлекеттик же муниципалдык катышуу үлүшү бар юридикалык жактардын жетекчилери прокуратура органдарына, укук коргоо органдарына же коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча башка мамлекеттик органдарга алардын компетенциясына ылайык кызматчылардын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген чектөөлөрдү жана тыюу салууларды, кызыкчылыктардын кагылышуусун болтурбоо же жөнгө салуу жөнүндө талаптарды сактабагандыгы же болбосо коррупцияга каршы аракеттенүү максатында белгиленген милдеттерди аткарбагандыгы жөнүндө маалымдоого милдеттүү.

3. Ушул Мыйзамдын 6-беренесинде көрсөтүлгөн адамдар жалдоочунун (иш берүүчүнүн) өкүлүнө, прокуратура органдарына, укук коргоо органдарына же коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча башка мамлекеттик органдарга алардын компетенциясына ылайык кандайдыр бир адамдардын аларды коррупциялык укук бузууларды жасоого көндүрүү максатында аларга кайрылган бардык учурлар жөнүндө жазуу жүзүндө билдирүүгө жана кызыкчылыктардын кагылышуусунун кандай болбосун келип чыгуу мүмкүндүгүнө жол бербөө боюнча чараларды көрүүгө милдеттүү.

Ушул Мыйзамдын 6-беренесинде көрсөтүлгөн адамдарга аларды коррупциялык укук бузууларды жасоого көндүрүү максатында кайрылуу фактылары жөнүндө билдирүүнүн тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.

4. Мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, ыкчам башкаруу, чарба жүргүзүү принциптеринде иштеген мамлекеттик жана муниципалдык мекемелердин жана ишканалардын, ошондой эле мамлекеттик же муниципалдык катышуу үлүшү бар юридикалык жактардын жетекчилери коррупциялык укук бузуулар жасалгандыгы же болбосо аларды жасоого көндүрүү жөнүндө кабарламаларды (расмий сайттар, жалпыга жеткиликтүү маалымат тутумдары, корголгон электрондук/мобилдик ишеним телефондору жана башкалар аркылуу) берүү үчүн атайын каналдарды түзүүнү жана иштетүүнү камсыз кылууга милдеттүү.

Ушул Мыйзамдын 6-беренесинде көрсөтүлгөн адамдардын иш-аракеттеринде коррупциялык кылмыштын белгилерин көрсөткөн кайрылуулар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган чараларды көрүү үчүн прокуратура органдарына же укук коргоо органдарына берилет.

---

Мурунку берене: [10-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230040756/st-10)  
Кийинки берене: [12-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230040756/st-12)
