Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
11-берене. Мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, мамлекеттик жана муниципалдык мекемелердин жана ишканалардын, ошондой эле мамлекеттик же муниципалдык катышуу үлүшү бар юридикалык жактардын милдеттери
Күчүндө · 13.02.2026 редакциясы · 2-глава
1. Мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, ыкчам башкаруу, чарба жүргүзүү принциптеринде иштеген мамлекеттик жана муниципалдык мекемелердин жана ишканалардын, ошондой эле мамлекеттик же муниципалдык катышуу үлүшү бар юридикалык жактардын жетекчилери өз компетенциясынын чегинде ушул Мыйзамдын талаптарынын аткарылышын камсыз кылат жана коррупциялык укук бузуулардын алдын алуу боюнча кызматтык милдеттерин аткарбагандыгы же талаптагыдай аткарбагандыгы үчүн жоопкерчилик тартат.
2. Мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, ыкчам башкаруу, чарба жүргүзүү принциптеринде иштеген мамлекеттик жана муниципалдык мекемелердин жана ишканалардын, ошондой эле мамлекеттик же муниципалдык катышуу үлүшү бар юридикалык жактардын жетекчилери прокуратура органдарына, укук коргоо органдарына же коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча башка мамлекеттик органдарга алардын компетенциясына ылайык кызматчылардын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген чектөөлөрдү жана тыюу салууларды, кызыкчылыктардын кагылышуусун болтурбоо же жөнгө салуу жөнүндө талаптарды сактабагандыгы же болбосо коррупцияга каршы аракеттенүү максатында белгиленген милдеттерди аткарбагандыгы жөнүндө маалымдоого милдеттүү.
3. Ушул Мыйзамдын 6-беренесинде көрсөтүлгөн адамдар жалдоочунун (иш берүүчүнүн) өкүлүнө, прокуратура органдарына, укук коргоо органдарына же коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча башка мамлекеттик органдарга алардын компетенциясына ылайык кандайдыр бир адамдардын аларды коррупциялык укук бузууларды жасоого көндүрүү максатында аларга кайрылган бардык учурлар жөнүндө жазуу жүзүндө билдирүүгө жана кызыкчылыктардын кагылышуусунун кандай болбосун келип чыгуу мүмкүндүгүнө жол бербөө боюнча чараларды көрүүгө милдеттүү.
Ушул Мыйзамдын 6-беренесинде көрсөтүлгөн адамдарга аларды коррупциялык укук бузууларды жасоого көндүрүү максатында кайрылуу фактылары жөнүндө билдирүүнүн тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.
4. Мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, ыкчам башкаруу, чарба жүргүзүү принциптеринде иштеген мамлекеттик жана муниципалдык мекемелердин жана ишканалардын, ошондой эле мамлекеттик же муниципалдык катышуу үлүшү бар юридикалык жактардын жетекчилери коррупциялык укук бузуулар жасалгандыгы же болбосо аларды жасоого көндүрүү жөнүндө кабарламаларды (расмий сайттар, жалпыга жеткиликтүү маалымат тутумдары, корголгон электрондук/мобилдик ишеним телефондору жана башкалар аркылуу) берүү үчүн атайын каналдарды түзүүнү жана иштетүүнү камсыз кылууга милдеттүү.
Ушул Мыйзамдын 6-беренесинде көрсөтүлгөн адамдардын иш-аракеттеринде коррупциялык кылмыштын белгилерин көрсөткөн кайрылуулар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган чараларды көрүү үчүн прокуратура органдарына же укук коргоо органдарына берилет.
Берененин тексти 13.02.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (2)
- Коррупциялык укук бузууларды жасоого көндүрүү максатында кайрылуу фактылары жөнүндө билдирүү тартиби (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 10-августундагы №…Порядок · 10.08.2026 · № 537
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026 - жылдын 10-августунун №537 "Коррупциялык укук бузууларды жасоого көндүрүү максатында кайрылуу фактылары жөнүндө билдирүү…Постановление · 10.08.2026 · № 537
Берене шилтеме берет
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/230040756/st-11" title="11-берене - Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>