# 10-берене. Коррупцияга каршы аракеттенүү маселелери боюнча координациялык кеңеш

- Документ: [Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230040756)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 13-февралындагы № 14 "Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 14
- Кабыл алынган күнү: 13.02.2026
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 13.02.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230040756/st-10>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/230040756/edition/47259/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230040756/st-10.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.02.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө, 10-берене (13.02.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230040756/st-10

---

1. Кыргыз Республикасынын укук коргоо, фискалдык жана башка мамлекеттик органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын коррупцияга каршы ишин координациялоо максатында Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын жана төмөн турган прокуратура органдарынын алдында коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча координациялык кеңештер түзүлөт (мындан ары - координациялык кеңеш).

Координациялык кеңеш туруктуу иштеген ведомстволор аралык кеңешүүчү орган болуп саналат. Координациялык кеңештин иштөөсүнүн жана анын курамын түзүүнүн тартиби Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору тарабынан аныкталат.

2. Координациялык кеңештин милдеттерине төмөнкүлөр кирет:

1) коррупциянын алдын алуу жана ага каршы күрөшүү боюнча негизги багыттарды аныктоо;

2) коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча укук коргоо, фискалдык жана башка мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын күч-аракеттерин бириктирүү жана ишин координациялоо;

3) коррупциялык укук бузуулардын алдын алууга, аныктоого жана бөгөт коюуга, ошондой эле алардын жасалышына өбөлгө түзгөн себептерди жана шарттарды четтетүүгө багытталган макулдашылган чечимдерди кабыл алуу жана чараларды көрүү;

4) коррупцияга каршы мыйзамдарды өркүндөтүү боюнча сунуштарды иштеп чыгуу жана киргизүү.

---

Мурунку берене: [9-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230040756/st-9)  
Кийинки берене: [11-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230040756/st-11)
