# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 30-декабрындагы № 852 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 10-июнундагы № 328 "Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин айрым маселелери жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 30-декабрындагы № 852 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 10-июнундагы № 328 "Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин айрым маселелери жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 852
- Кабыл алынган күнү: 30.12.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 30.12.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230040721>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-51363/edition/47223/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230040721.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.12.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 30-декабрындагы № 852 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 10-июнундагы № 328 "Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин айрым маселелери жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому (30.12.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230040721

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

2025-жылдын 30-декабры № 852

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 10-июнундагы № 328 "Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин айрым маселелери жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинде коррупциянын алдын алуунун ички системасын түзүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 10-июнундагы № 328 "Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин айрым маселелери жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги жөнүндө жободо:

- 14-пункт төмөнкүдөй мазмундагы 25-1-пунктча менен толукталсын:

"25-1) коррупциянын алдын алуунун ички системасын түзүү, мыйзамдардын сакталышын, кызматтык тартиптин абалын үзгүлтүксүз контролдоону камсыздоо аркылуу баш ийген кызматкерлердин аракети (аракетсиздиги) үчүн жоопкерчилик тартат;";

2) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигине караштуу "Кыргыз Маданият Сервис" мамлекеттик ишканасынын уставында:

- 37-пункт төмөнкүдөй мазмундагы 8-1-пунктча менен толукталсын:

"8-1) коррупциянын алдын алуунун ички системасын түзүү, мыйзамдардын сакталышын, кызматтык тартиптин абалын үзгүлтүксүз контролдоону камсыздоо аркылуу баш ийген кызматкерлердин аракети (аракетсиздиги) үчүн жоопкерчилик тартат;".

2. Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги белгиленген тартипте:

1) өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин;

2) ушул токтомдон келип чыгуучу башка чараларды көрсүн.

3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

А.Касымалиев
