# Дөбө-Коргон айылдык кеңешинин 2025-жылдын 5-сентябрындагы №11-3 "Дөбө-Коргон айыл аймагынын Алмалык участкасында №313 контурдагы 6,86га жерден кыш заводу үчүн топурак казып алууга (карьер) макулдук берүү жөнүндө" токтому.

- Толук аталышы: Дөбө-Коргон айылдык кеңешинин 2025-жылдын 5-сентябрындагы №11-3 "Дөбө-Коргон айыл аймагынын Алмалык участкасында №313 контурдагы 6,86га жерден кыш заводу үчүн топурак казып алууга (карьер) макулдук берүү жөнүндө" токтому.
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 11-3
- Кабыл алынган күнү: 05.09.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 05.09.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230040595>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-51248/edition/47103/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 05.09.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Дөбө-Коргон айылдык кеңешинин 2025-жылдын 5-сентябрындагы №11-3 "Дөбө-Коргон айыл аймагынын Алмалык участкасында №313 контурдагы 6,86га жерден кыш заводу үчүн топурак казып алууга (карьер) макулдук берүү жөнүндө" токтому. (05.09.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230040595

---

ДӨБӨ-КОРГОН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ Дөбө-Коргон айылдык Кеңешинин 2- чакырылышынын кезексиз 11-сессиясы

2025-жылдын 5-сентябры №11-3

Дөбө-Коргон айыл аймагынын Алмалык участкасында №313 контурдагы 6,86га жерден кыш заводу үчүн топурак казып алууга (карьер) макулдук берүү жөнүндө

Дөбө-Коргон айыл өкмөтүнүн өкмөт башчысы И.Абдулхакимовдун Алмалык участкасындагы пайдаланылбай жаткан ынгайсыз жайыт жерлерине инвестор “Жчк Ош Тян-Шань” тарабынан №313 контурдагы 6,86га жерден кыш заводу үчүн топурак казып алууга (карьер) жер ажыратып берүүнү сурап жазган сунушун, Кыргыз Республикасынын 2019-жылдын 5-февралындагы №43 токтомуна ылайык, депутаттар угуп жана талкуулап Дөбө-Коргон айылдык кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Дөбө-Коргон айыл өкмөтүнө караштуу Алмалык участкасындагы жайыт катары колдонулуп келген, бирок учурда жайыт катары жараксыз деп табылган №313 контурдагы 6,86 га жерден кыш заводу үчүн топурак казып алууга (карьер) жер ажыратып берүүгө макулдук берилсин.

2.Инвестор “Жчк Ош Тян-Шань” тарабынан Алмалык участкасынын №313 контурдагы 6,86 га жерден топурак казып алууга (карьер) ажыратылган жер тилкесине мыйзам чегинде тиешелүү документтерин даярдоо айыл өкмөттүн жетекчилигине сунушталсын.

3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөт башчысы И.Абдулхакимовго жүктөлсүн.

Төрага:

А. Сатвалдиев
