Дөбө-Коргон айылдык кеңешинин «Дөбө-Коргон айыл аймагынын Алмалык участкасында №313 контурдагы 6,86га жерден кыш заводу үчүн топурак казып алууга (карьер) макулдук берүү жөнүндө» токтому.
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
ДӨБӨ-КОРГОН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ Дөбө-Коргон айылдык Кеңешинин 2- чакырылышынын кезексиз 11-сессиясы
2025-жылдын 5-сентябры №11-3
Дөбө-Коргон айыл аймагынын Алмалык участкасында №313 контурдагы 6,86га жерден кыш заводу үчүн топурак казып алууга (карьер) макулдук берүү жөнүндө
Дөбө-Коргон айыл өкмөтүнүн өкмөт башчысы И.Абдулхакимовдун Алмалык участкасындагы пайдаланылбай жаткан ынгайсыз жайыт жерлерине инвестор “Жчк Ош Тян-Шань” тарабынан №313 контурдагы 6,86га жерден кыш заводу үчүн топурак казып алууга (карьер) жер ажыратып берүүнү сурап жазган сунушун, Кыргыз Республикасынын 2019-жылдын 5-февралындагы №43 токтомуна ылайык, депутаттар угуп жана талкуулап Дөбө-Коргон айылдык кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Дөбө-Коргон айыл өкмөтүнө караштуу Алмалык участкасындагы жайыт катары колдонулуп келген, бирок учурда жайыт катары жараксыз деп табылган №313 контурдагы 6,86 га жерден кыш заводу үчүн топурак казып алууга (карьер) жер ажыратып берүүгө макулдук берилсин.
2.Инвестор “Жчк Ош Тян-Шань” тарабынан Алмалык участкасынын №313 контурдагы 6,86 га жерден топурак казып алууга (карьер) ажыратылган жер тилкесине мыйзам чегинде тиешелүү документтерин даярдоо айыл өкмөттүн жетекчилигине сунушталсын.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөт башчысы И.Абдулхакимовго жүктөлсүн.
Төрага:
А. Сатвалдиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.