# Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 13-февралындагы № 15 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын пайдасын которуу маселелери жөнүндө" конституциялык Мыйзамы

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 13-февралындагы № 15 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын пайдасын которуу маселелери жөнүндө" конституциялык Мыйзамы
- Актынын түрү: Конституционный Закон
- Номери: 15
- Кабыл алынган күнү: 13.02.2026
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 13.02.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230040579>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/230040579/edition/47086/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230040579.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.02.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 13-февралындагы № 15 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын пайдасын которуу маселелери жөнүндө" конституциялык Мыйзамы (13.02.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230040579

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КОНСТИТУЦИЯЛЫК МЫЙЗАМЫ

2026-жылдын 13-февралы № 15

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын пайдасын которуу маселелери жөнүндө

1-берене "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 12-беренесинин 4 жана 5-бөлүктөрүнүн колдонулушу токтотулуп турат жана 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын пайдасын бөлүштүрүүгө жайылтылбайт деп белгиленсин. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча пайданы көз карандысыз тышкы аудитор тарабынан финансылык отчеттуулук ырасталгандан кийин республикалык бюджеттин кирешесине жүз пайыз өлчөмүндө которууну жүзөгө ашырсын. 2-берене "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын пайдасын которуу маселелери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 5-февралындагы № 34 конституциялык Мыйзамы ("Эркин-Тоо" гезити, 2025-жылдын 7-февралы. № 9) күчүн жоготту деп таанылсын. 3-берене Ушул конституциялык Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти

С.Н. Жапаров

2026-жылдын 4-февралында

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган
