# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 10-февралы № 76 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 12-майындагы № 248 «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы «Кыргыз мунай компаниясы» мамлекеттик ишканасын түзүү жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 10-февралы № 76 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 12-майындагы № 248 «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы «Кыргыз мунай компаниясы» мамлекеттик ишканасын түзүү жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 76
- Кабыл алынган күнү: 10.02.2026
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 26.06.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230040561>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/230040561/edition/47065/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230040561.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 26.06.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 10-февралы № 76 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 12-майындагы № 248 «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы «Кыргыз мунай компаниясы» мамлекеттик ишканасын түзүү жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому (26.06.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230040561

---

КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 26-июнундагы № 441 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

2026-жылдын 10-февралы № 76

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 12-майындагы № 248 «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы «Кыргыз мунай компаниясы» мамлекеттик ишканасын түзүү жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

Башкаруунун натыйжалуулугун жана чечимдерди кабыл алуунун оперативдүүлүгүн жогорулатуу, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы «Кыргыз мунай компаниясы» мамлекеттик ишканасынын туруктуу иштөөсүн камсыз кылуу максатында, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин

2025-жылдын 12-майындагы № 248 «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы «Кыргыз мунай компаниясы» мамлекеттик ишканасын түзүү жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы «Кыргыз мунай компаниясы» мамлекеттик ишканасынын уставында:

– 27-пункттун 11-пунктчасында «орун басарынын» деген сөздөр «орун басарларынын» деген сөздөргө алмаштырылсын;

– 29-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

«29. Ишканада Ишкананын директорунун эки орун басарынын кызмат орду каралган. Ишкананын директорунун орун басарлары Ишкананын директорунун сунушу боюнча Маммүлктүн жетекчиси тарабынан кызмат ордуна дайындалат жана кызмат ордунан бошотулат. Ишкананын директорунун орун басарлары Маммүлктүн жетекчиси менен эмгек келишимин түзөт. Ишкананын директорунун орун басарлары түздөн-түз директорго баш иет жана аларга жүктөлгөн милдеттердин жана ыйгарым укуктардын чегинде Ишкананын ишин уюштурат.»;

– 30-пункттун экинчи абзацында «орун басарына» деген сөздөр «орун басарларынын бирине» деген сөздөргө алмаштырылсын;

– 31-пункт күчүн жоготту деп таанылсын.

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

| Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы | | А.А. Касымалиев |
