Атайын техниканы колдонуу менен тиричилик калдыктарынан Ысык-Көлдүн пляж зоналарын терең тазалоонун жана көлдүн түбүн суу алдында тазалоонун ТАРТИБИ
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Тиркеме
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 13-январындагы N 1 токтомуна)
Атайын техниканы колдонуу менен тиричилик калдыктарынан Ысык-Көлдүн пляж зоналарын терең тазалоонун жана көлдүн түбүн суу алдында тазалоонун ТАРТИБИ
1-глава. Жалпы жоболор
1. Атайын техниканы колдонуу менен тиричилик калдыктарынан Ысык-Көлдүн пляж зоналарын терең тазалоонун жана көлдүн түбүн суу алдында тазалоонун тартиби (мындан ары - Тартип) санитардык жана экологиялык талаптарга ылайык Ысык-Көлдү рекреациялоо объекттерин күтүү боюнча шарттарды аныктайт.
2. Эс алуу зоналарынын, пансионаттардын, дарылоо-ден соолукту чыңдоо мекемелеринин менчик ээлери жана/же ижарачылары, менчигинин түрүнө карабастан Ысык-Көлдү рекреациялоо объекттерин пайдалануучу чарбалык жана башка иштин субъекттери атайын техниканы колдонуу, Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу суучулдарды даярдоо жана суу алдындагы техникалык иштерди жүргүзүү борборунун суучулдарын (мындан ары - ӨКМ караштуу Суучулдар кызматы) же тиешелүү сертификаты бар жана суу алдындагы техникалык иштерди (мындан ары - САТИ) аткарууга уруксаты бар кесипкөй суучулдарды тартуу менен пляж зоналарын терең тазалоого жана Ысык-Көлдүн түбүн тиричилик калдыктарынан суу алдында тазалоого милдеттүү.
2-глава. Ушул Тартипте колдонулуучу түшүнүктөр
3. Ушул Тартипте төмөнкүдөй түшүнүктөр жана терминдер колдонулат:
комбинацияланган машиналар - кумду ар кандай тереңдикте тазалоого мүмкүндүк берген кумду скрининг жана тырмоо үчүн көп функциялуу механикалаштырылган техника; кумду электен өткөрүү үчүн тырмоо (кол менен) - кумдун үстүнкү катмарын (тереңдиги 3-5 см чейин) камтыган кол менен иштөө үчүн механикалаштырылган каражат; менчик ээлери жана/же ижарачылар - менчигинин түрүнө карабастан юридикалык жана жеке жактар, ошондой эле Ысык-Көлдү рекреациялоо объекттерин эксплуатациялоочу мамлекеттик жана муниципалдык ишканалар жана уюмдар өздөрүнүн карамагында гана турган Ысык-Көлдүн пляждык зоналарын тазалоону жана түбүн тазалоону милдеттүү тартипте жүзөгө ашырат; Ысык-Көлдүн пляж зоналарын терең тазалоо - ири таштандыларды, ошондой эле пляж зоналарындагы майда булгоочу заттарды (тереңдиги 20-30 см чейин) жок кылуу боюнча иш-чаралардын комплекси. Тазалоо деңгээли микропластикти, органикалык заттарды (тамак-аш калдыктарын, баштыктарды, айнек сыныктарын, тамекинин калдыктарын, күн караманын кабыгын жана башка өсүмдүк калдыктарын) кошкондо 95%дан кем болбошу керек. Ысык-Көлдүн пляж зоналарын терең тазалоо механикалаштырылган жана кол менен жасалуучу ыкмаларга бөлүнөт; Ысык-Көлдүн пляж зоналарын тазалоонун механикалаштырылган ыкмасы - Ысык-Көлдүн пляж зоналарын ири жана майда булгоочу заттарды кетирүү максатында кумду электен өткөрүүнү камсыз кылуучу адистештирилген техниканы колдонуу менен тиричилик калдыктарынан тазалоонун ыкмасы; Ысык-Көлдүн пляж зоналарын кол менен тазалоонун ыкмасы - Ысык-Көлдүн пляж зоналарын жөнөкөй аспаптарды (кол элек, тырмоо, күрөк, шыпыргы, калак, кап, чака колдонуп, кол менен тазалоонун ыкмасы; Ысык-Көлдүн пляж зоналарын терең тазалоо үчүн адистештирилген техника - кумдун үстүндө да, ошондой эле кумдун терең катмарларында да (тереңдиги 20-30 см чейин) болгон таштандыларды жана булгоочу заттарды жок кылууга арналган жогорку технологиялуу пляж тазалоочу жабдуу, ал ар кандай механизмдерди, анын ичинде айлануучу экрандарды, тишчелерди жана конвейердик ленталарды колдонуп, кумду элөөнү жана калдыктарды чогултууну камсыз кылат; Ысык-Көлдүн пляж зонасы - эс алууга, сууга түшүүгө жана күнгө күйүүгө арналган, туурасы суунун жээгинен 100 метрге чейинки жалпы пайдалануудагы жээктеги аймак; Ысык-Көлдү рекреациялоо объекттери - жалпы эс алууга, туризмге жана жарандардын ден соолугун чыңдоого арналган жаратылыш аймактары жана маданий курулмалар (парктар, курорттор, пляждар, санаторийлер, эстеликтер); Ысык-Көлдүн түбүн суу алдында тазалоо - ӨКМге караштуу Суучулдар кызматынын суучулдарын же тиешелүү сертификаты жана суу алдындагы техникалык иштерди аткарууга уруксаты бар кесипкөй суучулдарды тартуу менен түбүнөн чөкмөлөрдү (ылай чөкмөлөрдү), таштандыларды, өсүмдүктөрдүн жана башка биомассаларды, ошондой эле балык уулоочу торлорду чыгаруу боюнча чаралардын комплекси; пляжды терең элөө системасы бар пляж тазалоочу машиналар - пляж зонасын терең (тереңдиги 20-30 смге чейин) тазалоону камсыз кылуу менен кумду элөөчү адистештирилген техника, ал таза кумдан таштандыны (тамекинин калдыгын, айнекти, ташты, кабыкты, балырды, пластикти, майда таштандыны) бөлүп алат; тырмоочу машиналар - тырмоочу тишчелер менен жабдылган механикалаштырылган каражаттар, алар кумга кирип, ири буюмдарды алып чыгат.
3-глава. Пляж зоналарын терең тазалоо жана Ысык-Көлдүн түбүн суу алдында тазалоо
4. 1-майдан 1-октябрга чейин созулган сууга түшүү сезонунун мезгилинде рекреациялоо объекттерин эксплуатациялоочу менчик ээлери жана/же ижарачылар бекитилген план-графикке ылайык адистештирилген техниканы, жабдууларды же механизмдерди колдонуу менен пляж зоналарын терең тазалоону жана Ысык-Көлдүн түбүн суу алдында тазалоону ай сайын ар бир айдын 30-күнүнөн кечиктирбестен жүргүзүүгө милдеттүү.
5. Менчик ээлери жана/же ижарачылар күн сайын Ысык-Көлдүн пляж зонасын кол менен тазалап турууга милдеттүү.
6. Ысык-Көлдүн пляж зоналарын ар кандай керектөө калдыктары, анын ичинде майда таштандылар менен толтурууга, ошондой эле урналарды ашыкча толтурууга тыюу салынат.
7. Менчик ээлери жана/же ижарачылар калдыктарды (кагазды, пластикти, айнекти, алюминий банкаларды, ПЭТ бөтөлкөлөрдү) милдеттүү түрдө өзүнчө чогултууну, андан кийин Кыргыз Республикасынын лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө мыйзамдарына ылайык кайра иштетүүгө (утилдештирүүгө) айлана-чөйрөнү коргоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдан лицензиясы бар адистештирилген уюмдарга кайра иштетүүгө өткөрүп берүүгө милдеттүү.
8. Кайра иштетилбеген калдыктарды (салфеткаларды, жалаяктарды, ламинатталган кагазды, фольга таңгактарын (чипсы, кофе), бир жолку колдонулуучу идиш-аяктарды, пластиктин айрым түрлөрүн, тиш щеткаларын жана башка гигиеналык буюмдарды) менчик ээлери жана/же ижарачылар келишимге ылайык көмүү үчүн муниципалдык ишканаларга берүүгө милдеттүү.
9. Сууга түшүү сезону башталаардын алдында (паспорттоштурууга чейин) жана ал аяктагандан кийин менчик ээлери жана/же ижарачылар пляж зоналарын масштабдуу терең тазалоону жана Ысык-Көлдүн түбүн суу алдында тазалоону жүргүзүүгө милдеттүү.
10. Менчик ээлери жана/же ижарачылар Ысык-Көлдүн түбүн суу алдында тазалоо үчүн бирикмелерди (ассоциацияларды) түзүп, жалпы пайдалануу үчүн атайын техникаларды ижарага же өз каражаттарынын эсебинен сатып ала алат, ошондой эле тиешелүү сертификаты жана суу алдындагы техникалык иштерди аткарууга уруксаты бар суучул-адистерди жалдай же штатка ала алат.
11. Ысык-Көлдүн түбүн суу алдында тазалоо Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Суучулдар кызматынын суучулдары же тиешелүү сертификаты бар жана бекитилген план-графикке ылайык суу алдындагы техникалык иштерди аткарууга уруксаты бар кесипкөй суучулдар тарабынан ыйгарым укуктуу органдардын өкүлдөрүнөн турган атайын комиссиянын катышуусу менен жүргүзүлөт.
12. Ысык-Көлдүн пляж зоналарын терең тазалоону жана суу алдында тазалоону изилдөөнүн жыйынтыктарын текшерүү айлана-чөйрөнү коргоо чөйрөсүндө ыйгарым укуктуу орган түзгөн атайын комиссия тарабынан жүзөгө ашырылат.
13. Атайын комиссиянын курамына айлана-чөйрөнү коргоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын (макулдашуу боюнча), санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл кызматынын, Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Суучулдар кызматынын же суу алдындагы техникалык иштерди аткарууга уруксаты бар кесипкөй суучулдардын (мындан ары - ыйгарым укуктуу органдар) өкүлдөрү кирет.
14. Атайын комиссия жыл сайын сууга түшүү мезгилинин башталышына карата менчик ээлеринин жана/же ижарачылардын демилгеси боюнча айлана-чөйрөнү коргоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга жиберилген билдирүүгө ылайык пляж зоналарын терең тазалоо жана Ысык-Көлдүн түбүн суу алдында тазалоо башталганга чейин 15 күндөн кечиктирилбестен (план-графикти тиркөө менен) чакырылат.
15. Ысык-Көлдүн пляж зоналарын терең тазалоонун жана көлдүн түбүн суу алдында тазалоонун жыйынтыктары Ысык-Көлдүн пляж зоналарын терең тазалоону жана көлдүн түбүн суу алдында тазалоону изилдөө актысында белгиленет, ага атайын комиссиянын мүчөлөрү кол коюшат. Аталган акт ушул Тартиптин тиркемесине ылайык 3 (үч) нускада түзүлөт.
16. Ысык-Көлдүн рекреациялоо объекттеринде ыйгарым укуктуу органдар, ошондой эле менчик ээлери жана/же ижарачылар калк жана эс алуучулар менен санитардык-экологиялык ченемдерди сактоонун зарылдыгы жөнүндө маалыматтык-түшүндүрүү иштерин туруктуу негизде жүргүзүшөт.
4-глава. Ушул Тартиптин талаптарын бузгандыгы үчүн жоопкерчилик
17. Менчигинин түрүнө карабастан юридикалык жана жеке жактар, ошондой эле Ысык-Көлдү рекреациялоо объекттерин пайдалануучу мамлекеттик жана муниципалдык ишканалар жана уюмдар ушул Тартиптин талаптарын бузгандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 213-4 жана 457-беренелерине ылайык жоопкерчилик тартат.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.