# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 29-декабрындагы № 844 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 22-январындагы № 29 "Жасалма интеллектти өнүктүрүү маселелери боюнча улуттук кеңеш жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 29-декабрындагы № 844 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 22-январындагы № 29 "Жасалма интеллектти өнүктүрүү маселелери боюнча улуттук кеңеш жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 844
- Кабыл алынган күнү: 29.12.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 29.12.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230040496>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-51185/edition/47014/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230040496.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.12.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 29-декабрындагы № 844 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 22-январындагы № 29 "Жасалма интеллектти өнүктүрүү маселелери боюнча улуттук кеңеш жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" токтому (29.12.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230040496

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

2025-жылдын 29-декабры № 844

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 22-январындагы № 29 "Жасалма интеллектти өнүктүрүү маселелери боюнча улуттук кеңеш жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу

Жасалма интеллектти өнүктүрүү маселелери боюнча улуттук кеңештин курамын актуалдаштыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 22-январындагы № 29 "Жасалма интеллектти өнүктүрүү маселелери боюнча улуттук кеңеш жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

- жогоруда аталган токтомдун 1-тиркемеси ушул токтомдун тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

А.Касымалиев

Тиркеме

"1-тиркеме

Жасалма интеллектти өнүктүрүү маселелери боюнча улуттук кеңештин КУРАМЫ

Кызмат орду боюнча: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси, Улуттук кеңештин төрагасы; Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын маалыматтык технологиялар жана санариптик трансформациялоо маселелерин тейлеген орун басары, Улуттук кеңештин төрагасынын орун басары; Кыргыз Республикасынын санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министри; Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгынын кырдаалдык борборунун директору; Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгынын кырдаалдык борборунун директорунун орун басары - санариптик өнүктүрүү боюнча бөлүмдүн башчысы; Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын тармактык саясат бөлүмүнүн социалдык секторунун саламаттык сактоо маселелерин тейлеген башкы эксперти; Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын тармактык саясат бөлүмүнүн социалдык секторунун билим берүү маселелерин тейлеген башкы эксперти; Кыргыз Республикасынын Жогорку технологиялар паркынын директору; Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жеке маалыматтарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басары; Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин төрагасынын орун басары; Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын башкармасынын мүчөсү (макулдашуу боюнча); Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын вице-президенти (макулдашуу боюнча). Жекече (макулдашуу боюнча): Пузанов Олег Владимирович - "Энжи ЭйАй" жоопкерчилиги чектелген коомунун кошо негиздөөчүсү; Окенов Мирбек Турдубекович - "УЛУТ Софт" жоопкерчилиги чектелген коомунун кошо негиздөөчүсү; Адаев Эрхан Эрнстович - "ЭйАй Экедеми" жоопкерчилиги чектелген коомунун кошо негиздөөчүсү жана жетекчиси; Байкулова Ирина Султановна - "АИДА" жасалма интеллект системаларын иштеп чыгуучулардын жана ээлеринин ассоциациясы" юридикалык жактардын бирикмесинин аткаруучу директору; Усенов Жапар Джолдошбекович - маалыматтык технологиялар чөйрөсүндөгү эксперт; Шатемиров Кубанычбек Таалайбекович - маалыматтык технологиялар чөйрөсүндөгү эксперт.".
