# Кадамжай шаардык кенешинин 2026-жылдын 6-февралындагы №79 "Мамлекеттик ишмер, агартуучу Касым Тыныстановдун ысмын шаардын аймагындагы № 86 Кара-Жактак жалпы билим берүүчү мектебине ыйгаруу жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кадамжай шаардык кенешинин 2026-жылдын 6-февралындагы №79 "Мамлекеттик ишмер, агартуучу Касым Тыныстановдун ысмын шаардын аймагындагы № 86 Кара-Жактак жалпы билим берүүчү мектебине ыйгаруу жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 79
- Кабыл алынган күнү: 06.02.2026
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.02.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230040482>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-51162/edition/46991/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.02.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кадамжай шаардык кенешинин 2026-жылдын 6-февралындагы №79 "Мамлекеттик ишмер, агартуучу Касым Тыныстановдун ысмын шаардын аймагындагы № 86 Кара-Жактак жалпы билим берүүчү мектебине ыйгаруу жөнүндө" токтому (06.02.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230040482

---

КАДАМЖАЙ ШААРДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Кадамжай шаардык Кеңешинин V чакырылыш кезектеги XIХ сессиясы

2025-жылдын 06-февралы №79 Мамлекеттик ишмер, агартуучу Касым Тыныстановдун ысмын шаардын аймагындагы № 86 Кара-Жактак жалпы билим берүүчү мектебине ыйгаруу жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Өкөтүнүн 2013-жылдын 6-майындагы № 244 “Кыргыз Республикасынын көрүнүктүү ишмерлеринин элесин түбөлүккө калтыруу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин алдындагы комиссия жөнүндө” токтомунун жана шаардык кеңештин социалдык саясат боюнча туруктуу комиссиясынын кортундусунун негизинде, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 34-беренесине ылайык, Кадамжай шардык кеңеши токтом кылат:

1. Кадамжай шаарынын аймагындагы № 86 Кара-Жактак жалпы билим берүүчү мектебине кыргыз элинин алгачкы улуу агартуучуларынын, илимпоздорунун жана адабиятчыларынын бири, кыргыз алфавитин, орфографиясын түзүүдө чоң салым кошкон, мектептерге алгачкы окуу китептерин жазган, элдик оозеки чыгармаларды жыйнап, изилдеген тилчи-илимпоз Касым Тыныстановдун ысмы ыйгарылсын.

2. Аталышты өзгөртүүгө байланыштуу керектелүүчү чыгымдар мыйзамда белгиленген тартипте демилгелеген тараптын эсебинен жүргүзүлөт.

3. Токтомдун аткарылышы № 86 Кара-Жактак жалпы билим берүүчү мектебинин директору А.Мамажановго милдеттендирилсин.

4. Кеңештин жооптуу катчысы ушул токтомду каттап, кеңештин сайтына

жарыялап жана мамлекеттик реестрге киргизүү үчүн жиберсин.

5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык кеңештин социалдык саясат боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

Төрага:

К.Дастиров
