# Ак-Кудук айылдык кеңешинин 2025-жылдын 7-февралы № 24/V-29 "Ак-Кудук айыл аймагынын Жергиликтүү жамааттарынын Уставын бекитүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Ак-Кудук айылдык кеңешинин 2025-жылдын 7-февралы № 24/V-29 "Ак-Кудук айыл аймагынын Жергиликтүү жамааттарынын Уставын бекитүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 24/V-29
- Кабыл алынган күнү: 07.02.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 07.02.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230040439>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-51134/edition/46947/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230040439.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 07.02.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Ак-Кудук айылдык кеңешинин 2025-жылдын 7-февралы № 24/V-29 "Ак-Кудук айыл аймагынын Жергиликтүү жамааттарынын Уставын бекитүү жөнүндө" токтому (07.02.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230040439

---

АК-КУДУК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

2025-жылдын 7-февралы № 24/V-29

Ак-Кудук айыл аймагынын Жергиликтүү жамааттарынын Уставын бекитүү жөнүндө Айылдык кеңешинин сессиясында Ак-Кудук айыл аймагынын жергиликтүү жамааттарынын Уставын талкуулап Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 21-беренесине таянып Ак-Кудук айылдык кеңеши токтом кылат:

1. Ак-Кудук айыл аймагынын жергиликтүү жамааттарынын Уставы бекитилсин.

(тиркеме Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде кагаз түрүндө)

2. Ак-Кудук айыл өкмөтүнүн аппаратына:

-Уставдын кабыл алынган редакциясын элге тааныштыруу максатында маалымат такталарына жана айыл өкмөтүнүн ведомстволук сайтына жайгаштырылсын; -бул токтом Уставдын текстин тиркөө менен ченемдик укуктук актылардын Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Чүй-Бишкек юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.

3. Бул токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү айылдык кеңешинин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

Төрага:

Дж.Маванкуй
