# Ак-Кудук айылдык кеңешинин 2025-жылдын 7-февралы № 20/V-29 "Муниципалдык менчикте турган жер участокторун сатуу жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Ак-Кудук айылдык кеңешинин 2025-жылдын 7-февралы № 20/V-29 "Муниципалдык менчикте турган жер участокторун сатуу жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 20/V-29
- Кабыл алынган күнү: 07.02.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 07.02.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230040427>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-51128/edition/46933/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230040427.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 07.02.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Ак-Кудук айылдык кеңешинин 2025-жылдын 7-февралы № 20/V-29 "Муниципалдык менчикте турган жер участокторун сатуу жөнүндө" токтому (07.02.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230040427

---

АК-КУДУК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

2025-жылдын 7-февралы № 20/V-29

Муниципалдык менчикте турган жер участокторун сатуу жөнүндө Ак-Кудук айыл өкмөтүнүн жер маселелери боюнча жетектөөчү адиси Алиев О.М. "Муниципалдык менчикте турган жер участокторун тоорукка коюу жөнүндө" маалыматын угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын "Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө" Мыйзамынын 11-беренесинин п.1-2-пункттарына ылайык жана "Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 27, 34, 39-беренелеринин негизинде айылдык аймактын жашоочулары үчүн шарттарды түзүү жана жергиликтүү бюджетти толтуруу максатында Ак-Кудук айылдык кеңешинин сессиясы токтом кылат:

1. Муниципалдык менчикте турган төмөнкү жер участоктору сатылсын:

-Кировскоеа, Мичурин көчөсү №1 Г , аянты – 300,00м2

- Кировскоеа, Гагарин көчөсү №1 А, аянты– 213,50 м2

- Котовское а, Школьная көчөсү №15 А, аянты – 500.00 м2

2. Ак-Кудук айыл өкмөтүнө:

-бул токтом Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин mkk.gov.kg. сайтына жарыялансын.

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Кудук айылдык кеңешинин жер ,турак жай, агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

Төрага:

Дж.Маванкуй
