# Ала-Тоо айылдык кеңешинин 2025-жылдын 26-июну № 14 Кенжекул айылынын жаштарына футбол талаасы үчүн жер аянтын ажыратып берүү жөнүндө токтому

- Толук аталышы: Ала-Тоо айылдык кеңешинин 2025-жылдын 26-июну № 14 Кенжекул айылынын жаштарына футбол талаасы үчүн жер аянтын ажыратып берүү жөнүндө токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 14
- Кабыл алынган күнү: 26.06.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 26.06.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230040401>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-51116/edition/46910/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 26.06.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Ала-Тоо айылдык кеңешинин 2025-жылдын 26-июну № 14 Кенжекул айылынын жаштарына футбол талаасы үчүн жер аянтын ажыратып берүү жөнүндө токтому (26.06.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230040401

---

АЛА-ТОО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Ала-Тоо айылдык кеңешинин кезектеги жетинчи сессиясы

2025-жылдын 26-июну № 14

Кенжекул айылынын жаштарына футбол талаасы үчүн жер аянтын ажыратып берүү жөнүндө

Айылдык кеңештин депутаттары Кенжекул айылынын айыл башчысы А.Халмурзаев Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 29-январындагы ПЖ №1 “Инсандын руханий адеп ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндөгү” жарлыгынын жана 2024-жылдын 25-мартындагы ПЖ №81 Кыргыз Республикасында футболду андан ары өнүктүрүү боюнча чаралар жөнүндөгү калктын саламаттыгын сактоо, жарандардын сергек жашоо мүнөзүн калыптандыруу,дене бою бекем жаш муунду гармоналдуу тарбиялоо Кыргыз Республикасынын социалдык саясатынын артыкчылыктуу багытында Президенттин “2024-2034-жылдарга Кыргыз Республикасынын футболду андан ары өнүктүрүү боюнча чаралар жөнүндө” жарлыгынын негизинде Кенжекул айылына футбол талаасын куруу үчүн 2(эки) гектар жер аянтын ажыратып берүү жөнүндөгү жаштардын арызы менен тааныштырды.Депутаттар карап чыгышып,кеңештин сессиясы Токтом кылат:

1. Ала-Тоо айыл аймагынын Кенжекул айылына футбол талаасын куруу үчүн 2(эки) гектар жер аянтын ажыратып берүүгө макулдук берилсин.

2. Кенжекул айылына футбол талаасын куруу үчүн жер аянтын тактап, контурларын белгилеп мыйзам чегинде иш кагаздарын даярдап тездетип берүү жагы айыл өкмөтүнө тапшырылсын.

3. Футбол талаасынын курулушунун аягына чейин көзөмөлдүккө алып тыгыз байланышта болуп элдерге маалымат берип туруу жагы айыл башчы А.Халмурзаевке жүктөлсүн.

4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы социалдык, маданий маселелер, уюштуруу иштери маалымдуулук,жаштар жана аялдар саясаты, спорт, билим берүү, саламаттыкты сактоо,миграция туризм боюнча комиссиясына жүктөлсүн.

Ала-Тоо айылдык кеңешинин төрагасы:

Ф.Ф.Юсупов
