Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Ала-Тоо айылдык кеңешинин Кенжекул айылынын жаштарына футбол талаасы үчүн жер аянтын ажыратып берүү жөнүндө токтому
АЛА-ТОО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ала-Тоо айылдык кеңешинин кезектеги жетинчи сессиясы
2025-жылдын 26-июну № 14
Кенжекул айылынын жаштарына футбол талаасы үчүн жер аянтын ажыратып берүү жөнүндө
Айылдык кеңештин депутаттары Кенжекул айылынын айыл башчысы А.Халмурзаев Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 29-январындагы ПЖ №1 “Инсандын руханий адеп ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндөгү” жарлыгынын жана 2024-жылдын 25-мартындагы ПЖ №81 Кыргыз Республикасында футболду андан ары өнүктүрүү боюнча чаралар жөнүндөгү калктын саламаттыгын сактоо, жарандардын сергек жашоо мүнөзүн калыптандыруу,дене бою бекем жаш муунду гармоналдуу тарбиялоо Кыргыз Республикасынын социалдык саясатынын артыкчылыктуу багытында Президенттин “2024-2034-жылдарга Кыргыз Республикасынын футболду андан ары өнүктүрүү боюнча чаралар жөнүндө” жарлыгынын негизинде Кенжекул айылына футбол талаасын куруу үчүн 2(эки) гектар жер аянтын ажыратып берүү жөнүндөгү жаштардын арызы менен тааныштырды.Депутаттар карап чыгышып,кеңештин сессиясы Токтом кылат:
1. Ала-Тоо айыл аймагынын Кенжекул айылына футбол талаасын куруу үчүн 2(эки) гектар жер аянтын ажыратып берүүгө макулдук берилсин.
2. Кенжекул айылына футбол талаасын куруу үчүн жер аянтын тактап, контурларын белгилеп мыйзам чегинде иш кагаздарын даярдап тездетип берүү жагы айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
3. Футбол талаасынын курулушунун аягына чейин көзөмөлдүккө алып тыгыз байланышта болуп элдерге маалымат берип туруу жагы айыл башчы А.Халмурзаевке жүктөлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы социалдык, маданий маселелер, уюштуруу иштери маалымдуулук,жаштар жана аялдар саясаты, спорт, билим берүү, саламаттыкты сактоо,миграция туризм боюнча комиссиясына жүктөлсүн.
Ала-Тоо айылдык кеңешинин төрагасы:
Ф.Ф.Юсупов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 25-мартындагы ПЖ № 81 "2024-2034-жылдарга Кыргыз Республикасында футболду андан ары өнүктүрүү боюнча чаралар жөнүндө" ЖарлыгыУказ · 25.03.2024 · № 81
- КР Президентинин 2021-жылдын 29-январындагы ПЖ № 1 "Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө" ЖарлыгыУказ · 29.01.2021 · № 1