# Ак-Кудук айылдык кеңешинин 2025-жылдын 24-январы № 15/IV-29 "Турак жай имараттарына жана жайларына салыктын ставкасын бекитүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Ак-Кудук айылдык кеңешинин 2025-жылдын 24-январы № 15/IV-29 "Турак жай имараттарына жана жайларына салыктын ставкасын бекитүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 15/IV -29
- Кабыл алынган күнү: 24.01.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 24.01.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230040372>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-51094/edition/46884/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230040372.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.01.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Ак-Кудук айылдык кеңешинин 2025-жылдын 24-январы № 15/IV-29 "Турак жай имараттарына жана жайларына салыктын ставкасын бекитүү жөнүндө" токтому (24.01.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230040372

---

АК-КУДУК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

2025-жылдын 24-январы № 15/IV-29

Турак жай имараттарына жана жайларына салыктын ставкасын бекитүү жөнүндө “Салык жана салык чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын кабыл алынышына байланыштуу салык ставкаларын бекитүү боюнча Ысык-Ата району боюнча мамлекеттик салык кызматынын 008/73 21.01.2025-жылдагы каты сессияда каралып,Кыргыз Республикасынын “КР Салык Кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө” Мыйзамынын 4-беренесинин 14-пунктуна жана Кыргыз Республикасынын Салык Кодексинин 379, 380-беренелерине киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык Ак-Кудук айылдык кеңеши токтом кылат:

1. Ак-Кудук айыл аймагында 2025-2027-жылдарга салыктык мезгилде колдонуу үчүн турак жай имараттарына жана жайларына салыктын ставкалары 1 чарчы метрге 16,83 сом өлчөмүндө бекитилсин:

2. Ак-Кудук айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык бөлүмүнө калк арасында түшүндүрүү иштери жүргүзүлсүн жана турак жай имараттарына жана жайларына салыктарды чогултууда аткарууга кабыл алынсын.

3. Бул токтом Чүй-Бишкек юстиция башкармалыгында каттоодон өткөрүү үчүн Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин расмий сайтына жарыялансын.

4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө бюджет, каржы, экономика, салык, инвестиция жана муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

Төрага:

Дж.Маванкуй
