# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 18-февралындагы № 83-т (2025-жылдын 10-октябрында Дүйшөмбү шаарында кол коюлган Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышкан мамлекеттердин компетенттүү органдары тарабынан контролдонуучу эл аралык берүүлөрдү уюштуруу жана жүргүзүү тартиби жөнүндө келишимге Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тиркелген корутундусу жактыруу тууралуу) тескемеси

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 18-февралындагы № 83-т (2025-жылдын 10-октябрында Дүйшөмбү шаарында кол коюлган Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышкан мамлекеттердин компетенттүү органдары тарабынан контролдонуучу эл аралык берүүлөрдү уюштуруу жана жүргүзүү тартиби жөнүндө келишимге Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тиркелген корутундусу жактыруу тууралуу) тескемеси
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 83-т
- Кабыл алынган күнү: 18.02.2026
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 18.02.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230040333>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-19682/edition/46847/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230040333.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.02.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 18-февралындагы № 83-т (2025-жылдын 10-октябрында Дүйшөмбү шаарында кол коюлган Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышкан мамлекеттердин компетенттүү органдары тарабынан контролдонуучу эл аралык берүүлөрдү уюштуруу жана жүргүзүү тартиби жөнүндө келишимге Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тиркелген корутундусу жактыруу тууралуу) тескемеси (18.02.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230040333

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ 2026-жылдын 18-февралы № 83-т

Мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу максатында, «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 65-беренесине, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:

1. 2025-жылдын 10-октябрында Дүйшөмбү шаарында кол коюлган Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышкан мамлекеттердин компетенттүү органдары тарабынан контролдонуучу эл аралык берүүлөрдү уюштуруу жана жүргүзүү тартиби жөнүндө келишимге Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тиркелген корутундусу жактырылсын.

2. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги жогоруда көрсөтүлгөн Келишимди ишке ашырууга жооптуу болуп аныкталсын.

3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тиркелген корутундусу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

А.А. Касымалиев
