# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 29-апрелиндеги № 239 "Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун аймагында коомдук пляждарды жана муниципалдык коомдук пляждарды уюштуруу үчүн Ысык-Көлдүн парк-пляж зонасындагы жер участокторун ижара шарттарында берүү тартиби жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 29-апрелиндеги № 239 "Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун аймагында коомдук пляждарды жана муниципалдык коомдук пляждарды уюштуруу үчүн Ысык-Көлдүн парк-пляж зонасындагы жер участокторун ижара шарттарында берүү тартиби жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 239
- Кабыл алынган күнү: 29.04.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 29.04.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230040319>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-51053/edition/46833/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230040319.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.04.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 29-апрелиндеги № 239 "Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун аймагында коомдук пляждарды жана муниципалдык коомдук пляждарды уюштуруу үчүн Ысык-Көлдүн парк-пляж зонасындагы жер участокторун ижара шарттарында берүү тартиби жөнүндө" токтому (29.04.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230040319

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

2025-жылдын 29-апрели № 239

Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун аймагында коомдук пляждарды жана муниципалдык коомдук пляждарды уюштуруу үчүн Ысык-Көлдүн парк-пляж зонасындагы жер участокторун ижара шарттарында берүү тартиби жөнүндө

Коомдук пляждарды уюштуруу үчүн жер участокторун ижара шарттарында берүүнүн бирдиктүү тартибин белгилөө жана Ысык-Көл облусундагы туризмдин туруктуу өнүгүүсүн камсыз кылуу максатында, "Ысык-Көл" экологиялык-экономикалык тутумун туруктуу өнүктүрүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 20-статьясына ылайык, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун аймагында коомдук пляждарды жана муниципалдык коомдук пляждарды уюштуруу үчүн Ысык-Көлдүн парк-пляж зонасындагы жер участокторун ижара шарттарында берүү тартиби тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты:

1) бир айлык мөөнөттө Ысык-Көлдүн парк-пляж зонасына ижара келишимдерин түзүү укугуна ижара акысынын өлчөмүн аныктоо тартиби жөнүндө нускаманы иштеп чыксын;

2) 2025-жылдын 1-июнуна чейин Ысык-Көлдүн парк-пляж зоналарынын бирдиктүү реестрин түзсүн жана киргизсин.

3. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:

1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 6-июлундагы № 501 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн курорттук-рекреациялык зонада жайгашкан жер участокторду берүү жагындагы укуктарын Ысыккөл облустук мамлекеттик администрациясына өткөрүп берүү жөнүндө" токтому;

2) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 11-августундагы № 365 "Кыргыз Республикасынын Президентинин "Ысыккөл облусунда Мамлекеттик башкарууну децентралдаштыруу жана жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү" пилоттук долбоорун өткөрүү маселелери боюнча жарлыктарынын күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучунун 2005-жылдын 13-апрелиндеги № 100 Жарлыгын ишке ашыруу тууралуу" токтому;

3) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 24-августундагы № 370 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому.

4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

А.Касымалиев
