# Семетей айыл аймагынын айылдык кенешинин 2025-жылдын 15-августундагы № 61 "Семетей айыл аймагындагы ичүүчү таза сууну пайдалануу жана таштандыларды ташып чыгаруу үчүн бирдиктүү тарифтерди белгилөө жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Семетей айыл аймагынын айылдык кенешинин 2025-жылдын 15-августундагы № 61 "Семетей айыл аймагындагы ичүүчү таза сууну пайдалануу жана таштандыларды ташып чыгаруу үчүн бирдиктүү тарифтерди белгилөө жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 61
- Кабыл алынган күнү: 15.08.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 15.08.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230040249>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-50983/edition/46763/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 15.08.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Семетей айыл аймагынын айылдык кенешинин 2025-жылдын 15-августундагы № 61 "Семетей айыл аймагындагы ичүүчү таза сууну пайдалануу жана таштандыларды ташып чыгаруу үчүн бирдиктүү тарифтерди белгилөө жөнүндө" токтому (15.08.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230040249

---

СЕМЕТЕЙ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Семетей айыл аймагынын айылдык кенешинин 1-чакырылышынын 6-кезексиз сессиясы

2025-жылдын 15-августу № 61

Семетей айыл аймагындагы ичүүчү таза сууну пайдалануу жана таштандыларды ташып чыгаруу үчүн бирдиктүү тарифтерди белгилөө жөнүндө

Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесине ылайык, “Семетей” МИ жетекчиси К.Узенбековдун ичүүчү таза сууну пайдалануу үчүн жана таштандыларды ташып чыгаруу үчүн Семетей айылдык кеңешинин 2024-жылдын 30-июлундагы №45 токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндөгү кайрылуусун айылдык кенеш карап, талкуулап; ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Семетей айыл аймагындагы (Арал, Кайыңды, Чеч-Дөбө, Бала-Саруу, Жайылган, Кара-Арча, Сөгөт) айылдарындагы ичүүчү таза сууну пайдалануу үчүн жана Семетей айыл аймагында таштандыларды чыгаруу үчүн бирдиктүү тарифтер төмөндөгүдөй бекитилсин.

2. Ичүүчү таза сууну пайдалануу үчүн ар бир түтүнгө 1 айга – 150сом

Таштандыларды (ТБО) ташып чыгаруу үчүн 1 айга 1 түтүнгө- 100 сом Той-кана, соода борборлорго 1айга-2000сом Чакан дүкөн, павильон, контейнерлерге 1жумага -200 сом Токтомго баш ийбей, таза сууну туура эмес колдонгондорго (бак суугарып ж.б) жана таштандыларды ыргыткандарга штраф 5000сом

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн башчысы К.Рыскуловго жана “Семетей” МИ жетекчиси К.Узенбековго жүктөлсүн.

Төрага

Т.У.Джапаркулов
