# Семетей айыл аймагынын айылдык кенешинин 2025-жылдын 27-июнундагы № 48 "Автобекет жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Семетей айыл аймагынын айылдык кенешинин 2025-жылдын 27-июнундагы № 48 "Автобекет жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 48
- Кабыл алынган күнү: 27.06.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 27.06.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230040223>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-50962/edition/46742/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 27.06.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Семетей айыл аймагынын айылдык кенешинин 2025-жылдын 27-июнундагы № 48 "Автобекет жөнүндө" токтому (27.06.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230040223

---

СЕМЕТЕЙ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Семетей айыл аймагынын айылдык кенешинин 1-чакырылышынын 5-кезексиз сессиясы

2025-жылдын 27-июну № 48

Автобекет жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 23-июлундагы №405 токтому менен бекитилген Мамлекеттик мүлктү муниципалдык менчикке өткөрүп берүү тартибинин 11-пунктунун 2-пунктчасына ылайык жана “Жергилктүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 39-беренесин жетекчиликке алып, айылдык кеңеш угуп, талкуулап;

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Семетей айылынын К.Жаманкулов көчөсүндө жайгашкан автобекетти муниципалдык менчикке кабыл алууга макулдук берилсин.

2. Муниципалдык менчикке алуу үчүн мамлекеттик мекемелер менен мыйзамдуу иш алып баруу жагы Семетей айыл өкмөтүнүн башчысы К.Р.Рыскуловго милдеттендирилсин.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырам.

Төрага

Т.У.Джапаркулов
