# Ак-Кудук айылдык кеңешинин 2024-жылдын 12-сентябры № 36/V1-28 "Ак-Кудук айылынын окуучуларын мектепке ташуу боюнча маршруттук автобустун кызмат акысын төлөп берүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Ак-Кудук айылдык кеңешинин 2024-жылдын 12-сентябры № 36/V1-28 "Ак-Кудук айылынын окуучуларын мектепке ташуу боюнча маршруттук автобустун кызмат акысын төлөп берүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 36/V1-28
- Кабыл алынган күнү: 12.09.2024
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 12.09.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230040217>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-50956/edition/46730/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230040217.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 12.09.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Ак-Кудук айылдык кеңешинин 2024-жылдын 12-сентябры № 36/V1-28 "Ак-Кудук айылынын окуучуларын мектепке ташуу боюнча маршруттук автобустун кызмат акысын төлөп берүү жөнүндө" токтому (12.09.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230040217

---

АК-КУДУК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

2024-жылдын 12-сентябры № 36/V1-28

Ак-Кудук айылынын окуучуларын мектепке ташуу боюнча маршруттук автобустун кызмат акысын төлөп берүү жөнүндө Ак-Кудук айылдык кеңешинин сессиясында Ак-Кудук айылынын окуучуларын Хунчи айылындагы орто мектепке чейин ташуу боюнча маршруттук автобустун акысын төлөп берүү жөнүндө маселени карап жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 24-январындагы № 14-т “2026-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасын ишке ашыруу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин иш-чаралар планын бекитүү жөнүндөгү” тескемесинин "Мектеп автобусу" окуучуларды ташуу системасын түзүү жана ишке киргизүү” пунктун жетекке алып айылдык кеңеши токтом кылат:

1. Ак-Кудук айылынын окуучу балдарын Хунчи айылына чейин ташып келүү үчүн автобустун кызмат акысына ай сайын 12500 миң сомдон каражат айдоочуга төлөнүп берилсин.

2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө бюджет жана финансы боюнча айылдык кеңешинин туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

Ак-Кудук айылдык кеңешинин төрагасы

Кенжебек уулу А
