Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Ак-Кудук айылдык кеңешинин «Ак-Кудук айылынын окуучуларын мектепке ташуу боюнча маршруттук автобустун кызмат акысын төлөп берүү жөнүндө» токтому
АК-КУДУК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 12-сентябры № 36/V1-28
Ак-Кудук айылынын окуучуларын мектепке ташуу боюнча маршруттук автобустун кызмат акысын төлөп берүү жөнүндө Ак-Кудук айылдык кеңешинин сессиясында Ак-Кудук айылынын окуучуларын Хунчи айылындагы орто мектепке чейин ташуу боюнча маршруттук автобустун акысын төлөп берүү жөнүндө маселени карап жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 24-январындагы № 14-т “2026-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасын ишке ашыруу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин иш-чаралар планын бекитүү жөнүндөгү” тескемесинин "Мектеп автобусу" окуучуларды ташуу системасын түзүү жана ишке киргизүү” пунктун жетекке алып айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Ак-Кудук айылынын окуучу балдарын Хунчи айылына чейин ташып келүү үчүн автобустун кызмат акысына ай сайын 12500 миң сомдон каражат айдоочуга төлөнүп берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө бюджет жана финансы боюнча айылдык кеңешинин туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Ак-Кудук айылдык кеңешинин төрагасы
Кенжебек уулу А
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (1)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 24-январындагы № 14-т (2024-жылга Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин иш-аракеттер планы жөнүндө) тескемесиРаспоряжение · 24.01.2024 · № 14-р · Күчүн жоготкон