# Ак-Кудук айылдык кеңешинин 2024-жылдын 12-сентябры № 35/V1-28 "Ак-Кудук айылдык кеңешинин 2024-жылдын 16-апрелиндеги №4/11-28 “Жер тилкесин мөөнөтсүз пайдаланууга өткөрүп берүүгө макулдук берүү жөнүндө” токтомуна толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Ак-Кудук айылдык кеңешинин 2024-жылдын 12-сентябры № 35/V1-28 "Ак-Кудук айылдык кеңешинин 2024-жылдын 16-апрелиндеги №4/11-28 “Жер тилкесин мөөнөтсүз пайдаланууга өткөрүп берүүгө макулдук берүү жөнүндө” токтомуна толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 35/V1-28
- Кабыл алынган күнү: 12.09.2024
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 12.09.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230040214>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-50952/edition/46724/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230040214.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 12.09.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Ак-Кудук айылдык кеңешинин 2024-жылдын 12-сентябры № 35/V1-28 "Ак-Кудук айылдык кеңешинин 2024-жылдын 16-апрелиндеги №4/11-28 “Жер тилкесин мөөнөтсүз пайдаланууга өткөрүп берүүгө макулдук берүү жөнүндө” токтомуна толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтому (12.09.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230040214

---

АК-КУДУК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

2024-жылдын 12-сентябры № 35/V1-28

Ак-Кудук айылдык кеңешинин 2024-жылдын 16-апрелиндеги №4/11-28 “Жер тилкесин мөөнөтсүз пайдаланууга өткөрүп берүүгө макулдук берүү жөнүндө” токтомуна толуктоолорду киргизүү жөнүндө Ак-Кудук айылдык кеңешинин 2024-жылдын 16-апрелиндеги №4/11-28 “Жер тилкесин мөөнөтсүз пайдаланууга өткөрүп берүүгө макулдук берүү жөнүндө” токтомунда жер тилкелеринин контурларынын аянты толук көрсөтүлбөгөндүгүнө байланыштуу “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 17-беренесинин 2-пунктун жетекчиликке алып Ак-Кудук айылдык кеңеши токтом кылат:

1. Жогоруда аталган токтомдун 1 пунктуна төмөнгүдөй толуктоо киргизилсин:

-Токой чарбасына караштуу Ак-Кудук айыл аймагында жайгашкан -№922 контурдагы жалпы аянты 13,1га ,анын ичинен 12,7га бакча /огород/, 0,2 га каналдар жана коллекторлор, 0,2га жолдордун жана прогондордун алдындагы жерлер; -№923 контурдагы 7,9 га бакча /огород/жер тилкесин; -№924 контурдагы 30,6 га,анын ичинен 30,0 га бакча / огород/, 0,2 га каналдар жана коллекторлор, 0,4 га жолдордун жана прогондордун алдындагы жерлер,жалпы аянты 51,6 га жер тилкелери “Мамлекеттик ипотекалык компания” ачык акционердик коомуна мөөнөтсүз пайдаланууга (мөөнөтүн көрсөтпөстөн) өткөрүп берүүгө макулдук берилсин.

2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңешинин жер маселеси боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

Ак-Кудук айылдык кеңешинин төрагасы

Кенжебек уулу А
