# Ак-Кудук айылдык кеңешинин 2024-жылдын 16-августундагы № 32/V-28 "Ак-Кудук айыл аймагынын Милянфан айылынын баш планын бекитүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Ак-Кудук айылдык кеңешинин 2024-жылдын 16-августундагы № 32/V-28 "Ак-Кудук айыл аймагынын Милянфан айылынын баш планын бекитүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 32/V-28
- Кабыл алынган күнү: 16.08.2024
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 16.02.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230040195>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-50937/edition/46708/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230040195.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 16.02.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Ак-Кудук айылдык кеңешинин 2024-жылдын 16-августундагы № 32/V-28 "Ак-Кудук айыл аймагынын Милянфан айылынын баш планын бекитүү жөнүндө" токтому (16.02.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230040195

---

АК-КУДУК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

2024-жылдын 16-августундагы № 32/V-28

Ак-Кудук айыл аймагынын Милянфан айылынын баш планын бекитүү жөнүндө “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-2025-жылдарга Кыргыз Республикасынын калктуу конуштарынын башкы пландарын иштеп чыгуу боюнча программасын бекитүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 17-августундагы № 490 токтомунун негизинде Милянфан айылынын башкы планын макулдашуу жана бекитүү жөнүндө маселени карап чыгып Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү мыйзамынын 3-главасынын 34-беренесинин 1-пунктунун негизинде Ак-Кудук айылдык кеңеши токтом кылат:

1. Ак-Кудук айыл аймагынын Милянфан айылынын баш планы өзгөртүүлөр жана толуктоолор менен бекитилсин.

2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңешинин бюджет жана финансы боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

Ак-Кудук айылдык кеңешинин төрагасы

Кенжебек уулу А
