# Ак-Кудук айылдык кеңешинин 2024-жылдын 16-августундагы № 31/V-28 "Муниципалдык менчикте турган жер участокторун сатуу жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Ак-Кудук айылдык кеңешинин 2024-жылдын 16-августундагы № 31/V-28 "Муниципалдык менчикте турган жер участокторун сатуу жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 31/V-28
- Кабыл алынган күнү: 16.08.2024
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 16.08.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230040190>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-50931/edition/46703/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230040190.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 16.08.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Ак-Кудук айылдык кеңешинин 2024-жылдын 16-августундагы № 31/V-28 "Муниципалдык менчикте турган жер участокторун сатуу жөнүндө" токтому (16.08.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230040190

---

АК-КУДУК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

2024-жылдын 16-августундагы № 31/V-28

Муниципалдык менчикте турган жер участокторун сатуу жөнүндө Ак-Кудук айыл өкмөтүнүн жер маселелери боюнча жетектөөчү адиси Алиев О.М. "Муниципалдык менчикте турган жер участокторун тоорукка коюу жөнүндө" маалыматын угуп жана талкуулап Ак-Кудук айыл өкмөтүнүн "Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесинин п.1-2-пункттарына ылайык жана "Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 27, 34, 39-беренелеринин негизинде айылдык аймактын жашоочулары үчүн шарттарды түзүү жана жергиликтүү бюджетти толтуруу максатында Ак-Кудук айылдык кеңешинин сессиясы токтом кылат:

1. Муниципалдык менчикте турган төмөнкү жер участоктору сатылсын:

-Первомайское а., Пионерская көчөсү н/ж , аянты – 1060,0м2

- Первомайское а., МТФ №3 көчөсү №13/2 аянты – 1000,0 м2

-Милянфан а, Шиваза көчөсү №13,аянты -167,54 м2

1. Ак-Кудук айыл өкмөтүнө:

-бул токтом Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин mkk.gov.kg. сайтына жарыялансын.

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Кудук айылдык кеңешинин жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын,

Ак-Кудук айылдык кеңешинин төрагасы

Кенжебек уулу А
