# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 30-январы № 47 "Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын маселелери жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 30-январы № 47 "Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын маселелери жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 47
- Кабыл алынган күнү: 30.01.2026
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 30.01.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230040177>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-50924/edition/46683/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230040177.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.01.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 30-январы № 47 "Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын маселелери жөнүндө" токтому (30.01.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230040177

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

2026-жылдын 30-январы № 47

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын маселелери жөнүндө

"Илим жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 18-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 4, 10, 13-беренелерине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Төмөнкүлөр бекитилсин:

1) Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын уставы 1-тиркемеге ылайык;

2) Кыргыз Республикасында илим жана инновациялык технологиялар чөйрөсүндө фундаменталдык жана колдонмо изилдөөлөр боюнча координациялык кеңеш жөнүндө жобо 2-тиркемеге ылайык;

3) Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын мүчөлөрүн шайлоо жөнүндө жобо 3-тиркемеге ылайык.

2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:

1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1995-жылдын 8-декабрындагы № 528 "Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын ишин камсыз кылуу жана өнүктүрүү жөнүндө" токтому;

2) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 17-октябрындагы № 672 "Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын уставын бекитүү жөнүндө" токтому;

3) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 18-сентябрындагы № 490 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн илим чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомунун 1-пункту;

4) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2023-жылдын 25-апрелиндеги № 221 "Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларында жана илимий мекемелеринде илимий иштин натыйжалуулугун жогорулатуу жөнүндө" токтомунун 4-пункту.

3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

А.А. Касымалиев
