# Нарзан айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2026-жылдын 4-февралындагы № 01 "Балдардын укугун жана кызыкчылыгын камсыздоо боюнча 2025-жылдын IV-кварталына аткарылган иштери тууралуу" токтому

- Толук аталышы: Нарзан айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2026-жылдын 4-февралындагы № 01 "Балдардын укугун жана кызыкчылыгын камсыздоо боюнча 2025-жылдын IV-кварталына аткарылган иштери тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 01
- Кабыл алынган күнү: 04.02.2026
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 04.02.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230040175>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-50925/edition/46685/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230040175.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 04.02.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Нарзан айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2026-жылдын 4-февралындагы № 01 "Балдардын укугун жана кызыкчылыгын камсыздоо боюнча 2025-жылдын IV-кварталына аткарылган иштери тууралуу" токтому (04.02.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230040175

---

НАРЗАН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ

2026-жылдын 04-февралы № 01

Балдардын укугун жана кызыкчылыгын камсыздоо боюнча 2025-жылдын IV-кварталына аткарылган иштери тууралуу

Кыргыз Республикасынын “Балдар жөнүндө” Кодексинин 20-беренесинин негизинде,Нарзан айыл өкмөтүнүн социалдык суроолор боюнча башкы адисинин балдардын укугун жана кызыкчылыгын камсыздоо боюнча аткарылган иштер тууралуу маалыматын угуп жана айылдык кеңешинин жаштар иштери, спорт, маданият жана социалдык маселелер боюнча комиссиясы чечимин талкуулап Нарзан айылдык кеңешинин сессиясы, ТОКТОМ КЫЛДЫ:

1. Нарзан айыл өкмөтүнүн социалдык суроолор боюнча башкы адисинин балдардын укугун жана кызыкчылыгын камсыздоо боюнча 2025-жылдын IV-кварталына аткарылган иштери тууралуу маалыматы эске алынсын.

2. Нарзан айыл өкмөтүнүн социалдык суроолор боюнча башкы адисине:

-укук коргоо органдары, райондук билим берүү бөлүмү, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгы менен биргеликте укук бузууларды, суициддерди, балдарга карата үй-бүлөлүк зордук зомбулуктун алдын алуу боюнча иш-чаралар системалуу жүргүзүлсүн.

- балдардын укуктарын жана кызыкчылыгын камсыз кылуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралар жөнүндө квартал сайын Нарзан айылдык кеңешке маалымат берилип турсун.

3. Ушул токтом тиркемеси менен Нарзан айыл өкмөтүнүн расмий веб-сайтына жарыялансын.

4 . Жооптуу катчы бул токтомдун көчүрмөсүн тиркемеси менен бирге ченемдик укуктук актылар Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын юстиция Министрлигине каттоо үчүн жөнөтүлсүн.

5. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.

6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү айылдык кеңешинин жаштар иштери, спорт, маданият жана социалдык маселелер боюнча комиссиясына жүктөлсүн.

Төраганын у.м.а

А.Т. Урманбетов
