Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Нарзан айыл аймагынын айылдык кеңешинин «Балдардын укугун жана кызыкчылыгын камсыздоо боюнча 2025-жылдын IV-кварталына аткарылган иштери тууралуу» токтому
НАРЗАН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ
2026-жылдын 04-февралы № 01
Балдардын укугун жана кызыкчылыгын камсыздоо боюнча 2025-жылдын IV-кварталына аткарылган иштери тууралуу
Кыргыз Республикасынын “Балдар жөнүндө” Кодексинин 20-беренесинин негизинде,Нарзан айыл өкмөтүнүн социалдык суроолор боюнча башкы адисинин балдардын укугун жана кызыкчылыгын камсыздоо боюнча аткарылган иштер тууралуу маалыматын угуп жана айылдык кеңешинин жаштар иштери, спорт, маданият жана социалдык маселелер боюнча комиссиясы чечимин талкуулап Нарзан айылдык кеңешинин сессиясы, ТОКТОМ КЫЛДЫ:
1. Нарзан айыл өкмөтүнүн социалдык суроолор боюнча башкы адисинин балдардын укугун жана кызыкчылыгын камсыздоо боюнча 2025-жылдын IV-кварталына аткарылган иштери тууралуу маалыматы эске алынсын.
2. Нарзан айыл өкмөтүнүн социалдык суроолор боюнча башкы адисине:
-укук коргоо органдары, райондук билим берүү бөлүмү, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгы менен биргеликте укук бузууларды, суициддерди, балдарга карата үй-бүлөлүк зордук зомбулуктун алдын алуу боюнча иш-чаралар системалуу жүргүзүлсүн.
- балдардын укуктарын жана кызыкчылыгын камсыз кылуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралар жөнүндө квартал сайын Нарзан айылдык кеңешке маалымат берилип турсун.
3. Ушул токтом тиркемеси менен Нарзан айыл өкмөтүнүн расмий веб-сайтына жарыялансын.
4 . Жооптуу катчы бул токтомдун көчүрмөсүн тиркемеси менен бирге ченемдик укуктук актылар Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын юстиция Министрлигине каттоо үчүн жөнөтүлсүн.
5. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.
6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү айылдык кеңешинин жаштар иштери, спорт, маданият жана социалдык маселелер боюнча комиссиясына жүктөлсүн.
Төраганын у.м.а
А.Т. Урманбетов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (1)
- Кыргыз Республикасынын балдар жөнүндө кодексиКодекс · 07.08.2006 · № 151 · Күчүн жоготкон