# Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 10-февралы № 36 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 12-октябрындагы № 425 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин түзүмү жана курамы жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Жарлыгы

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 10-февралы № 36 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 12-октябрындагы № 425 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин түзүмү жана курамы жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Жарлыгы
- Актынын түрү: Указ
- Номери: 36
- Кабыл алынган күнү: 10.02.2026
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 10.02.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230040125>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5-11031/edition/46637/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230040125.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 10.02.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 10-февралы № 36 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 12-октябрындагы № 425 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин түзүмү жана курамы жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Жарлыгы (10.02.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230040125

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ

2026-жылдын 10-февралы № 36 Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 12-октябрындагы № 425 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин түзүмү жана курамы жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70, 71-беренелерине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык токтом кылам:

1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 12-октябрындагы № 425 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин түзүмү жана курамы жөнүндө" Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1-пунктта:

- алтынчы абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"- Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы;";

- төмөнкүдөй мазмундагы жыйырма жетинчи абзац менен толукталсын:

"- Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматы.".

2. Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматы Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматы болуп кайра түзүлсүн.

3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети:

- өзүнүн чечимдерин ушул Жарлыкка ылайык келтирсин;

- ушул Жарлыктан келип чыгуучу башка чараларды көрсүн.

4. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2026-жылдын 13-февралындагы № 10 (3770) саны менен жарыяланды.

Кыргыз Республикасынын Президенти

С.Н. Жапаров
