# Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 31-январындагы № 23 "Кыргызстан элинин тарыхый жана маданий мурастарынын “Мурас” Фондун Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын карамагына өткөрүп берүү маселеси жөнүндө" Жарлыгы

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 31-январындагы № 23 "Кыргызстан элинин тарыхый жана маданий мурастарынын “Мурас” Фондун Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын карамагына өткөрүп берүү маселеси жөнүндө" Жарлыгы
- Актынын түрү: Указ
- Номери: 23
- Кабыл алынган күнү: 31.01.2026
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 31.01.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230040124>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5-11032/edition/46636/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230040124.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.01.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 31-январындагы № 23 "Кыргызстан элинин тарыхый жана маданий мурастарынын “Мурас” Фондун Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын карамагына өткөрүп берүү маселеси жөнүндө" Жарлыгы (31.01.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230040124

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ

2026-жылдын 31-январы № 23

Кыргызстан элинин тарыхый жана маданий мурастарынын “Мурас” Фондун Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын карамагына өткөрүп берүү маселеси жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Б. Джамгерчинов атындагы Тарых, археология жана этнология институтунун изилдөөчүлүк потенциалын чыңдоо жана ишин күчөтүү максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесин жетекчиликке алып, токтом кылам:

1. Кыргызстан элинин тарыхый жана маданий мурастарынын “Мурас” Фонду Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын

Б. Джамгерчинов атындагы Тарых, археология жана этнология институтунун карамагына өткөрүп берилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын

Б. Джамгерчинов атындагы Тарых, археология жана этнология институту:

– өзүнүн чечимдерин ушул Жарлыкка ылайык келтирсин;

– ушул Жарлыктан келип чыгуучу уюштуруучулук жана башка чараларды көрсүн.

3. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2012-жылдын

25-апрелиндеги № 94 “Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу тарых илимин өнүктүрүү боюнча Комиссияны уюштуруу жана Кыргызстан элинин тарыхый жана маданий мурастарынын “Мурас” Фондун түзүү жөнүндө” Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

– 5-пунктта “Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчисине” деген сөздөр “Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Б. Джамгерчинов атындагы Тарых, археология жана этнология институтунун директоруна” деген сөздөргө алмаштырылсын;

– 6-пунктта “Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын этностук, диний саясат жана жарандык коом менен өз ара аракеттенүү” деген сөздөр “Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын саясий жана экономикалык изилдөөлөр башкармалыгынын стратегиялык пландоо жана реформаларды талдоо” деген сөздөргө алмаштырылсын.

4. Бул Жарлыктын аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

5. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н. Жапаров
