# Кызыл-Октябрь айылдык кеңешинин 2025-жылдын 29-декабры № I/15-59 “Жер тилкелеринин ижара баасын бекитүү” токтому

- Толук аталышы: Кызыл-Октябрь айылдык кеңешинин 2025-жылдын 29-декабры № I/15-59 “Жер тилкелеринин ижара баасын бекитүү” токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: I/15-59
- Кабыл алынган күнү: 29.12.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 29.12.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230040093>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-50878/edition/46603/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230040093.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.12.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кызыл-Октябрь айылдык кеңешинин 2025-жылдын 29-декабры № I/15-59 “Жер тилкелеринин ижара баасын бекитүү” токтому (29.12.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230040093

---

КЫЗЫЛ-ОКТЯБРЬ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

2025-жылдын 29-декабры № I/15-59

“Жер тилкелеринин ижара баасын бекитүү” “Алтынкен” жоопкерчилиги чектелген коомунун катынын негизинде, Кызыл-Октябрь айыл аймагындагы “Желкилдек” өрөөнүндө жайгашкан алтын казып алуу жана кайра иштетүү комплекси, жалпы жер аянты 302,29 га казып иштетүү максатында жер казынасын пайдалануу укугуна лицензия 471 АЕ 07-апрелден 2006-жылдан 05-январдын 2031-жылга чейин пайдалануу мөөнөтү, Кемин райондук мамлекеттик администрациясы тарабынан 29.12.2025-жылы №378 токтому менен узартылып берилген, жер тилкесине ижара акысы 15 276 216 (он беш миллион эки жүз жетимиш алты миң эки жүз он алты) сом түзүлдү. Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 10-беренесинин 3-пунктун жетекчилике алып Кызыл-Октябрь айылдык Кенеш

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кызыл-Октябрь айыл аймагына караштуу Желкилдек өрөөнүндө жайгашкан алтын казып алуу жана кайра иштетүү комплексине лицензия 471 АЕ 07.04.2006-жылдан 05.01.2031-жылга чейин берилген жалпы аянты 302,29га жер тилкесине 15 276 216 (он беш миллион эки жуз жетимиш алты миң эки жүз он алты) сом ижара акысы бекитилсин.

2. Ушул токтом катоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Рсепубликасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Сулаймановко тапшырылсын.

Кеңешинин төрагасы

А.Карамырзаев
