# Төрт-Көл айылдык кеңешинин 2025-жылдын 27-марты № 34 2025-жылдын бюджетинин киреше салыгынын 30 пайызын Өзгөн райондук өнүктүрүү фондунун эсебине которууга макулдук берүү жөнүндө токтому

- Толук аталышы: Төрт-Көл айылдык кеңешинин 2025-жылдын 27-марты № 34 2025-жылдын бюджетинин киреше салыгынын 30 пайызын Өзгөн райондук өнүктүрүү фондунун эсебине которууга макулдук берүү жөнүндө токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 34
- Кабыл алынган күнү: 27.03.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 27.03.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230040063>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-50854/edition/46571/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 27.03.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Төрт-Көл айылдык кеңешинин 2025-жылдын 27-марты № 34 2025-жылдын бюджетинин киреше салыгынын 30 пайызын Өзгөн райондук өнүктүрүү фондунун эсебине которууга макулдук берүү жөнүндө токтому (27.03.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230040063

---

ТӨРТ-КӨЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Төрт-Көл айылдык кеңешинин VIII-чакырылыштагы депутаттарынын кезексиз сессиясы

2025-жылдын 27-марты № 34

2025-жылдын бюджетинин киреше салыгынын 30 пайызын Өзгөн райондук өнүктүрүү фондунун эсебине которууга макулдук берүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 15-ноябрындагы № 326 “Кыргыз Республикасынын министрликтеринин жана ведомостволорунун райондук/ региондук бөлүмдөрүн жана өкүлчүлүктөрүн пилоттук жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын убактылуу жетектөөсүнө өткөрүп берүү боюнча пилоттук долбоор жөнүндө” Жарлыгын ишке ашыруу тууралуу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 31-декабрындагы № 821 токтомунун 13-пунктуна ылайык, Төрт-Көл айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Төрөбек кызы А. билдирүүсүн угуп жана талкуулап Төрт-Көл айылдык кеңеши токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 15-ноябрындагы № 326 “Кыргыз Республикасынын министрликтеринин жана ведомостволорунун райондук/ региондук бөлүмдөрүн жана өкүлчүлүктөрүн пилоттук жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын убактылуу жетектөөсүнө өткөрүп берүү боюнча пилоттук долбоор жөнүндө” Жарлыгын ишке ашыруу тууралуу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 31-декабрындагы № 821 токтомунун 13-пунктуна ылайык Төрт-Көл айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын бюджетинин киреше бөлүгүндө болжолдонгон (пландаштырылган) 18181,8 миң сом киреше салыгынын 30 пайызын түзгөн 5454,54 миң сомду Өзгөн райондук өнүктүрүү фондунун эсебине которууга жана ушул каражаттарды жергиликтүү коомдоштуктардын демилгелерин колдоо үчүн мамлекеттик субсидия катары катары пайдаланууга макулдук берилсин.

2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Төрт-Көл айылдык кеңешинин финансы, экономика, бюджет, экономикалык жактан өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо жана инвестиция маселери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.

Төрага

М. Тажибаев
