# Кара-Шоро айылдык кеңешинин 2025-жылдын 16-декабры № 72 Ваучерге кабыл алынган балдардын тамак ашына акча каражат бөлүү жөнүндө токтому

- Толук аталышы: Кара-Шоро айылдык кеңешинин 2025-жылдын 16-декабры № 72 Ваучерге кабыл алынган балдардын тамак ашына акча каражат бөлүү жөнүндө токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 72
- Кабыл алынган күнү: 16.12.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 16.12.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230040025>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-50821/edition/46530/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 16.12.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кара-Шоро айылдык кеңешинин 2025-жылдын 16-декабры № 72 Ваучерге кабыл алынган балдардын тамак ашына акча каражат бөлүү жөнүндө токтому (16.12.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230040025

---

КАРА-ШОРО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Кара-Шоро айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз Х сессиясы

2025-жылдын 16-декабры № 72

Ваучерге кабыл алынган балдардын тамак ашына акча каражат бөлүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 18-ноябрындагы №693 токтомунун негизинде “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесине ылайык Кара-Шоро айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ

1. Кара-Шоро айыл аймагында жашаган балдар үчүн мектепке чейинки билим берүү кызматтарын каржылоонун ваучердик механизмин пилоттук негизде, ваучерге кабыл алынган балдардын тамак-ашына бөлүнгөн акча каражаттан, ар бир балага айына 1500 (бир миң беш жүз) сомдон каралып, бөлүнүп берилсин.

2. Токтомду аткаруу жагы айыл өкмөткө милдеттендирилсин.

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин “бюджет жана экономикалык маселелери боюнча” туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

Төрага

З.Кадырбеков
