# 3-берене

- Документ: [Билим берүү, илим жана саламаттык сактоо чөйрөлөрүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230039993)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 23-январы № 6 "Билим берүү, илим жана саламаттык сактоо чөйрөлөрүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 6
- Кабыл алынган күнү: 23.01.2026
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 23.01.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230039993/st-3>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/6-16715/edition/46496/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230039993/st-3.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.01.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Билим берүү, илим жана саламаттык сактоо чөйрөлөрүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө, 3-берене (23.01.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230039993/st-3

---

"Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ("Эркин-Тоо" гезити, 2023-жылдын 18-августу, № 66) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 3-беренеде:

а) төмөнкүдөй мазмундагы 151-пункт менен толукталсын:

"151) медициналык билим берүү уюмдарын мамлекеттик аккредитациялоо - орто, жогорку, жогорку окуу жайынан кийинки кесиптик билим берүүнүн медициналык жана фармацевттик адистиктеринин билим берүү программаларын ишке ашыруу боюнча көрсөтүлүүчү билим берүү кызматтарынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген аккредитациялык талаптарга жана критерийлерге шайкештигин саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан таануу;";

б) төмөнкүдөй мазмундагы 451-пункт менен толукталсын:

"451) билим берүү франшизасы - келишимдик мамилелердин тутуму, анын алкагында мамлекеттик билим берүү уюму өзүнүн окуу-усулдук материалдарын, стандарттарын жана брендин пайдалануу менен мамлекеттик билим берүү уюму бекиткен билим берүү программалары боюнча билим берүү ишин жүзөгө ашырууга мамлекеттик эмес билим берүү уюмуна укук берет;";

2) 13-беренеде:

а) 1-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"1) саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү орто, жогорку, жогорку окуу жайынан кийинки кесиптик жана кошумча билим берүү программаларын, окутуу моделдерин жана билим берүү процессин кошпогондо, билим берүү чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты, билим берүү тутумун өнүктүрүү стратегиясын түзүү жана жүзөгө ашыруу, билим берүү чөйрөсүндө артыкчылыктарды аныктоо;";

б) 8-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"8) Министрлер Кабинети аныктоочу тартипте саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан баалоо жүргүзүлүүчү система түзүүчү мамлекеттик билим берүү уюмунун статусу бар билим берүү уюмунун ишин кошпогондо, формалдык билим берүүнүн сапатына мониторинг жүргүзүү жана баалоону уюштуруу;";

3) 17-берене төмөнкүдөй мазмундагы 8-бөлүк менен толукталсын:

"8. Көрсөтүлүүчү билим берүү кызматтарынын сапатын контролдоо максатында белгиленген тартипте аккредитациядан өткөн мамлекеттик эмес медициналык билим берүү уюмдары система түзүүчү мамлекеттик билим берүү уюмунун статусу бар билим берүү уюму менен билим берүү франшизасы же болбосо медициналык жана фармацевттик адистиктерге окутуу процессин академиялык жана усулдук башкарууну, саламаттык сактоо чөйрөсүндө кошумча билим берүүнү администрациялоо жөнүндө макулдашуу түзүүгө милдеттүү. Билим берүү франшизасы же болбосо медициналык жана фармацевттик адистиктерге окутуу процессин академиялык жана усулдук башкарууну администрациялоо боюнча кызматтарды көрсөтүүнүн тартиби Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.";

4) 18-берененин 6-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы сүйлөм менен толукталсын: "Мында система түзүүчү мамлекеттик билим берүү уюмунун статусу бар билим берүү уюмунун уставы анын уюштуруучусу тарабынан Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында аныкталган тартипте бекитилет.";

5) 22-берененин 5 жана 7-бөлүктөрү "Ички иштер" деген сөздөрдөн мурда "Саламаттык сактоо," деген сөздөр менен толукталсын;

6) 23-беренеде:

а) 2-бөлүктүн 2-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"2) саламаттык сактоо чөйрөсүндө орто, жогорку, жогорку окуу жайынан кийинки кесиптик жана (же) кошумча билим берүү программаларын ишке ашыруучу билим берүү уюмдарын кошпогондо, өзгөчө статуска ээ болгон жогорку жана жогорку окуу жайдан кийинки кесиптик билим берүү программаларын ишке ашыруучу мамлекеттик билим берүү уюмдарынын;";

б) төмөнкүдөй мазмундагы 6-бөлүк менен толукталсын:

"6. Медициналык жана фармацевттик билим берүү ишин жүргүзүү укугуна лицензиялар саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан берилет.";

7) 24-беренеде:

а) төмөнкүдөй мазмундагы 11-бөлүк менен толукталсын:

"11. Саламаттык сактоо чөйрөсүндө орто, жогорку, жогорку окуу жайдан кийинки кесиптик жана (же) кошумча билим берүү программаларын ишке ашыруучу билим берүү уюмдары Министрлер Кабинети аныктоочу тартипте милдеттүү мамлекеттик аккредитациядан өтүшөт. Саламаттык сактоо чөйрөсүндө орто, жогорку, жогорку окуу жайдан кийинки кесиптик жана (же) кошумча билим берүү программаларын ишке ашыруучу, мамлекеттик аккредитациядан өтпөгөн билим берүү уюмдары бүтүрүүчүлөргө билими жөнүндө мамлекеттик үлгүдөгү документтерди берүүгө жана билим алуучуларды кабыл алууга укугу жок.";

б) 2-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"2. Саламаттык сактоо чөйрөсүндө орто, жогорку, жогорку окуу жайдан кийинки кесиптик жана (же) кошумча билим берүү программаларын ишке ашыруучу билим берүү уюмдарын кошпогондо, билим берүү уюму аккредитациялык агенттикти өз алдынча тандайт. Аккредитация аккредитациялануучу билим берүү уюмунун каражаттарынын эсебинен жүргүзүлөт.";

8) 29-берене төмөнкүдөй мазмундагы 41-бөлүк менен толукталсын:

"41. Система түзүүчү мамлекеттик билим берүү уюмунун статусу бар билим берүү уюму төмөнкүдөй өзгөчө укукка ээ:

1) жогорку медициналык жана фармацевттик билими бар адистерди даярдоо, медициналык жана илимий кадрларды кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу;

2) медициналык жана фармацевттик адистиктерге окутуу процессин академиялык жана усулдук башкарууну администрациялоо боюнча кызматтарды көрсөтүү.";

9) 57-берененин 5-бөлүгүнүн үчүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"Өзгөчө статуска жана система түзүүчү мамлекеттик жогорку окуу жайынын статусуна ээ болгон кесиптик башталгыч жана жогорку билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү уюмдары өз каражаттарынын эсебинен сатып алынган материалдык-техникалык базаны камкорчулук кеңеш менен макулдашуу боюнча өз алдынча тескөөгө (ээликтен ажыратууга, алмаштырууга, ижарага берүүгө) укуктуу.";

10) 59-берене төмөнкүдөй мазмундагы 12-бөлүк менен толукталсын:

"12. Саламаттык сактоо чөйрөсүндө орто, жогорку, жогорку окуу жайдан кийинки кесиптик жана (же) кошумча билим берүү программаларын ишке ашыруучу жеке билим берүү уюмдары имараттарга, курулмаларга, жабдууларга, ошондой эле менчик укугунда башка зарыл мүлккө ээ болууга милдеттүү.".

---

Мурунку берене: [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230039993/st-2)  
Кийинки берене: [4-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230039993/st-4)
