# 2-берене

- Документ: [Билим берүү, илим жана саламаттык сактоо чөйрөлөрүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230039993)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 23-январы № 6 "Билим берүү, илим жана саламаттык сактоо чөйрөлөрүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 6
- Кабыл алынган күнү: 23.01.2026
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 23.01.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230039993/st-2>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/6-16715/edition/46496/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230039993/st-2.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.01.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Билим берүү, илим жана саламаттык сактоо чөйрөлөрүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө, 2-берене (23.01.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230039993/st-2

---

"Илим жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ("Эркин-Тоо" гезити, 2023-жылдын 15-августу, № 65) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 9-беренеде:

а) 1-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"1. Саламаттык сактоо чөйрөсүндө илимий ишти жүзөгө ашыруучу илимий уюмдарды кошпогондо, илимий жана илимий-техникалык уюмдар ошол уюмдун уставында каралган максаттарга жана милдеттерге шайкеш келген, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген илимий, илимий-техникалык жана илимий-инновациялык ишти жүзөгө ашыруучу юридикалык жактар болуп саналат. Илимий уюмдар саламаттык сактоо чөйрөсүндө илимий ишти Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталуучу тартипте милдеттүү мамлекеттик аккредитациядан өтүүнүн негизинде жүзөгө ашыра алат.";

б) 4-бөлүктүн биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"4. Саламаттык сактоо чөйрөсүндө илимий ишти жүзөгө ашыруучу илимий уюмдарды кошпогондо, жүзөгө ашырылып жаткан иштин сапатын жана заманбап талаптарга шайкештигин камсыз кылуу үчүн илимий жана илимий-техникалык уюмдар мамлекеттик аттестациядан өтүүгө тийиш.";

2) 19-беренеде:

а) 1-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"1) саламаттык сактоо чөйрөсүндө илимий кадрларды даярдоону жүзөгө ашыруучу илимий уюмдарды кошпогондо, илим, илимий-техникалык, илимий-маалыматтык жана илимий-инновациялык иш чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты түзүү жана жүзөгө ашыруу, илим, илимий-техникалык, илимий-маалыматтык жана илимий-инновациялык иш жаатында тармактар аралык координациялоону жүзөгө ашыруу;";

б) 16 жана 17-пункттар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"16) саламаттык сактоо чөйрөсүндө илимий кадрларды даярдоону жүзөгө ашыруучу илимий уюмдарды кошпогондо, илимий-техникалык уюмду мамлекеттик аттестациялоону/аккредитациялоону жүргүзүү тартибин аныктоо;

17) саламаттык сактоо чөйрөсүндө илимий кадрларды даярдоону жүзөгө ашыруучу илимий уюмдарды кошпогондо, кесиптик жогорку билим берүү уюмдарынын илимий-изилдөө институттарынын жетекчилерин дайындоо жана бошотуу тартибин аныктоо;".

---

Мурунку берене: [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230039993/st-1)  
Кийинки берене: [3-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230039993/st-3)
