2-берене
Күчүндө · 23.01.2026 редакциясы
"Илим жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ("Эркин-Тоо" гезити, 2023-жылдын 15-августу, № 65) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 9-беренеде:
а) 1-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Саламаттык сактоо чөйрөсүндө илимий ишти жүзөгө ашыруучу илимий уюмдарды кошпогондо, илимий жана илимий-техникалык уюмдар ошол уюмдун уставында каралган максаттарга жана милдеттерге шайкеш келген, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген илимий, илимий-техникалык жана илимий-инновациялык ишти жүзөгө ашыруучу юридикалык жактар болуп саналат. Илимий уюмдар саламаттык сактоо чөйрөсүндө илимий ишти Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталуучу тартипте милдеттүү мамлекеттик аккредитациядан өтүүнүн негизинде жүзөгө ашыра алат.";
б) 4-бөлүктүн биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"4. Саламаттык сактоо чөйрөсүндө илимий ишти жүзөгө ашыруучу илимий уюмдарды кошпогондо, жүзөгө ашырылып жаткан иштин сапатын жана заманбап талаптарга шайкештигин камсыз кылуу үчүн илимий жана илимий-техникалык уюмдар мамлекеттик аттестациядан өтүүгө тийиш.";
2) 19-беренеде:
а) 1-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1) саламаттык сактоо чөйрөсүндө илимий кадрларды даярдоону жүзөгө ашыруучу илимий уюмдарды кошпогондо, илим, илимий-техникалык, илимий-маалыматтык жана илимий-инновациялык иш чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты түзүү жана жүзөгө ашыруу, илим, илимий-техникалык, илимий-маалыматтык жана илимий-инновациялык иш жаатында тармактар аралык координациялоону жүзөгө ашыруу;";
б) 16 жана 17-пункттар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"16) саламаттык сактоо чөйрөсүндө илимий кадрларды даярдоону жүзөгө ашыруучу илимий уюмдарды кошпогондо, илимий-техникалык уюмду мамлекеттик аттестациялоону/аккредитациялоону жүргүзүү тартибин аныктоо;
17) саламаттык сактоо чөйрөсүндө илимий кадрларды даярдоону жүзөгө ашыруучу илимий уюмдарды кошпогондо, кесиптик жогорку билим берүү уюмдарынын илимий-изилдөө институттарынын жетекчилерин дайындоо жана бошотуу тартибин аныктоо;".
Берененин тексти 23.01.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
2-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (1)
- Илим жөнүндөЗакон · 08.08.2023 · № 170
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/230039993/st-2" title="2-берене - Билим берүү, илим жана саламаттык сактоо чөйрөлөрүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>