# 1-берене

- Документ: [Билим берүү, илим жана саламаттык сактоо чөйрөлөрүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230039993)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 23-январы № 6 "Билим берүү, илим жана саламаттык сактоо чөйрөлөрүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 6
- Кабыл алынган күнү: 23.01.2026
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 23.01.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230039993/st-1>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/6-16715/edition/46496/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230039993/st-1.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.01.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Билим берүү, илим жана саламаттык сактоо чөйрөлөрүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө, 1-берене (23.01.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230039993/st-1

---

"Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2013-ж., № 9, 1030-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 31-берененин 1-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы 10-пункт менен толукталсын:

"10) саламаттык сактоо чөйрөсүндө кесиптик орто, жогорку, жогорку окуу жайынан кийинки жана (же) кошумча билим берүү программаларын ишке ашырган лицензия алуучу (билим берүү уюму) мамлекеттик аккредитациядан өтпөгөндө.";

2) 32-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"32-берене. Лицензиянын жана (же) уруксаттын колдонулушун токтотуу Медициналык жана фармацевттик билим берүү чөйрөсүндөгү билим берүү ишин кошпогондо, лицензия берүүчү лицензиянын колдонулушун токтотуп турган себептер четтетилбеген учурда, лицензия жана (же) уруксат лицензия берүүчүнүн арызын кароонун негизинде соттун чечими менен жокко чыгарылат.".

---

Кийинки берене: [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230039993/st-2)
