# Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 9-февралындагы № 37 (2026-жылдын 1-январынан тартып Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Гидрометеорологиялык кызматтын мамлекеттик кызматчылардын категориясына кирбеген кызматкерлеринин эмгек акысына 20000 (жыйырма миң) сом өлчөмүндө ар айлык үстөк бекитүү жөнүндө) тескемеси

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 9-февралындагы № 37 (2026-жылдын 1-январынан тартып Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Гидрометеорологиялык кызматтын мамлекеттик кызматчылардын категориясына кирбеген кызматкерлеринин эмгек акысына 20000 (жыйырма миң) сом өлчөмүндө ар айлык үстөк бекитүү жөнүндө) тескемеси
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 37
- Кабыл алынган күнү: 09.02.2026
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 09.02.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230039980>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-19675/edition/46483/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230039980.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 09.02.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 9-февралындагы № 37 (2026-жылдын 1-январынан тартып Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Гидрометеорологиялык кызматтын мамлекеттик кызматчылардын категориясына кирбеген кызматкерлеринин эмгек акысына 20000 (жыйырма миң) сом өлчөмүндө ар айлык үстөк бекитүү жөнүндө) тескемеси (09.02.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230039980

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ТЕСКЕМЕСИ

2026-жылдын 9-февралы № 37

Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Гидрометеорологиялык кызматтын мамлекеттик кызматчылардын категориясына кирбеген кызматкерлеринин ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу максатында, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 3-сентябрындагы № 247 “Мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын штаттык санын жана кызматкерлеринин, анын ичинде техникалык жана тейлөөчү персоналдын эмгек акысын көбөйтүүгө тыюу салууну (мораторий) киргизүү жөнүндө” Жарлыгынын 2-пунктунун 2-пунктчасына, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70, 71-беренелерине ылайык:

1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети:

1) 2026-жылдын 1-январынан тартып Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Гидрометеорологиялык кызматтын мамлекеттик кызматчылардын категориясына кирбеген кызматкерлеринин эмгек акысына 20000 (жыйырма миң) сом өлчөмүндө ар айлык үстөк белгилесин;

2) өзүнүн чечимдерин ушул тескемеге ылайык келтирсин.

2. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

Кыргыз Республикасынын Президенти

С.Н. Жапаров
