Кыргыз Республикасынын Президентинин (тартып Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Гидрометеорологиялык кызматтын мамлекеттик кызматчылардын категориясына кирбеген кызматкерлеринин эмгек акысына 20000 (жыйырма миң) сом өлчөмүндө ар айлык үстөк бекитүү жөнүндө) тескемеси
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2026-жылдын 9-февралы № 37
Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Гидрометеорологиялык кызматтын мамлекеттик кызматчылардын категориясына кирбеген кызматкерлеринин ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу максатында, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 3-сентябрындагы № 247 “Мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын штаттык санын жана кызматкерлеринин, анын ичинде техникалык жана тейлөөчү персоналдын эмгек акысын көбөйтүүгө тыюу салууну (мораторий) киргизүү жөнүндө” Жарлыгынын 2-пунктунун 2-пунктчасына, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70, 71-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети:
1) 2026-жылдын 1-январынан тартып Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Гидрометеорологиялык кызматтын мамлекеттик кызматчылардын категориясына кирбеген кызматкерлеринин эмгек акысына 20000 (жыйырма миң) сом өлчөмүндө ар айлык үстөк белгилесин;
2) өзүнүн чечимдерин ушул тескемеге ылайык келтирсин.
2. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Президенти
С.Н. Жапаров
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 30-марты № 205 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 1-августундагы № 434 "Мамлекеттик…Постановление · 30.03.2026 · № 205 · Күчүн жоготкон