# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 25-декабрындагы № 830 "Эл аралык финансылык уюмдар жана донор өлкөлөр тарабынан каржылануучу долбоорлорду даярдоодо жана ишке ашырууда иштеген кызматкерлерге эмгек акы төлөө шарттары жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 25-декабрындагы № 830 "Эл аралык финансылык уюмдар жана донор өлкөлөр тарабынан каржылануучу долбоорлорду даярдоодо жана ишке ашырууда иштеген кызматкерлерге эмгек акы төлөө шарттары жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 830
- Кабыл алынган күнү: 25.12.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 25.12.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230039957>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-50774/edition/46458/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230039957.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 25.12.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 25-декабрындагы № 830 "Эл аралык финансылык уюмдар жана донор өлкөлөр тарабынан каржылануучу долбоорлорду даярдоодо жана ишке ашырууда иштеген кызматкерлерге эмгек акы төлөө шарттары жөнүндө" токтому (25.12.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230039957

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

2025-жылдын 25-декабры № 830

Эл аралык финансылык уюмдар жана донор өлкөлөр тарабынан каржылануучу долбоорлорду даярдоодо жана ишке ашырууда иштеген кызматкерлерге эмгек акы төлөө шарттары жөнүндө

Мамлекеттик инвестициялардын жана техникалык жардамдын алкагында ишке ашырылуучу, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги аркылуу эл аралык финансылык уюмдар жана донор өлкөлөр тарабынан каржылануучу долбоорлордун кызматкерлерине эмгек акы төлөө системасын өркүндөтүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Мамлекеттик инвестициялардын жана техникалык жардамдын алкагында ишке ашырылуучу, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги аркылуу эл аралык финансылык уюмдар жана донор өлкөлөр тарабынан каржылануучу долбоорлорду даярдоодо жана ишке ашырууда иштеген кызматкерлердин кызматтык маяналарынын өлчөмдөрү тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Жогоруда көрсөтүлгөн кызматкерлердин кызматтык маянасына төмөнкүдөй үстөктөр белгиленсин:

1) төмөнкүлөрдү даярдоодо жана/же ишке ашырууда:

- эки долбоорду - 15 пайыз өлчөмүндө;

- үч долбоорду - 20 пайыз өлчөмүндө;

- төрт жана андан ашык долбоорлорду - 25 пайыз өлчөмүндө;

2) эл аралык долбоорлордогу иш тажрыйбасы үчүн:

- үч жылдан беш жылга чейин - 10 пайыз өлчөмүндө;

- беш жылдан ашык - 20 пайыз өлчөмүндө.

3. Мамлекеттик инвестициялардын жана техникалык жардамдын алкагында эл аралык финансылык уюмдар жана донор өлкөлөр тарабынан каржылануучу долбоорлор боюнча аткаруучу агенттиктер болуп саналган мамлекеттик органдар Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарына жана Кыргыз Республикасынын социалдык камсыздандыруу чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык тиркемеде көрсөтүлгөн кызмат орундарын ээлеген кызматкерлердин эмгек акысынан киреше салыгын жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна чегерүүлөрдү ай сайын кармоону камсыз кылсын.

4. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 12-июлундагы № 371 "Эл аралык финансылык уюмдар жана донор өлкөлөр тарабынан каржылануучу долбоорлорду даярдоого жана ишке ашырууга катышкан кызматкерлерге эмгек акы төлөө шарттары жөнүндө" токтому күчүн жоготту деп таанылсын.

5. Бул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2026-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

А.Касымалиев

Тиркеме

Мамлекеттик инвестициялардын жана техникалык жардамдын алкагында ишке ашырылуучу, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги аркылуу эл аралык финансылык уюмдар жана донор өлкөлөр тарабынан каржылануучу долбоорлорду даярдоодо жана ишке ашырууда иштеген кызматкерлердин кызматтык маяналарынын ӨЛЧӨМДӨРҮ

№

Кызмат орундарынын аталышы

Бир айлык кызматтык маяналарынын өлчөмдөрү (сом)

1

Долбоорду ишке ашыруу (даярдоо) бөлүмүнүн/долбоорду башкаруу бөлүмүнүн/долбоорду ишке ашыруу тобунун жетекчиси (директору, менеджери)

182000

2

Жетекчинин орун басарлары; финансы менеджери; долбоорду ишке ашыруунун (даярдоонун) борбордук бөлүмүнүн/долбоорду башкаруу бөлүмүнүн/долбоорду ишке ашыруу тобунун координатору, сатып алуулар боюнча башкы адис

150000

3

Сатып алуулар боюнча адис

142500

4

Төлөмдөр боюнча адис, бухгалтер

133000

5

Бухгалтердин ассистенти, сатып алуулар/төлөмдөр боюнча адистин ассистенти, кассир

77000

6

Камсыздоочу персонал: офис-менеджер/катчы, административдик жардамчы/ассистент, айдоочу

49000

7

Белгилүү чөйрөлөрдөгү адис-эксперттер: юриспруденция, айыл чарбасы, маалыматтык технологиялар жана долбоорго жараша башка адистер

133000

8

Жетекчинин региондук орун басары, региондук координатор

126000

9

Сатып алуулар жана финансы боюнча региондук адистер

84000

10

Региондук адистер

105000

11

Бухгалтердин региондук ассистенти, сатып алуулар/төлөмдөр боюнча адистин ассистенти, кассир

56000

12

Региондук камсыздоочу персонал: офис-менеджер/катчы, административдик жардамчы/ассистент, айдоочу

42000

13

Кыска мөөнөттүү консультанттар

6 айга чейинки мөөнөт менен 231000ге чейин 6-12 ай мөөнөт менен 165000ге чейин

14

Котормочу

98000

15

Котормочу-катчы, котормочу-офис-менеджер

105000

(\*) Бир ай үчүн контракттын наркын эсептөөдө 22 жумуш күнү кабыл алынсын.
