Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин «Женева шаарында 2022-жылдын 17-июнунда Дүйнөлүк соода уюмунун Министрлер конференциясынын он экинчи сессиясында кабыл алынган Дүйнөлүк соода уюмун түзүү жөнүндө Марракеш макулдашуусуна (Балык уулоо жаатындагы субсидиялар жөнүндө макулдашуу) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протоколду ратификациялоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун биринчи окууда кабыл алуу тууралуу» токтому
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтому
2026-жылдын 29-январы № 108-VIII "Женева шаарында 2022-жылдын 17-июнунда Дүйнөлүк соода уюмунун Министрлер конференциясынын он экинчи сессиясында кабыл алынган Дүйнөлүк соода уюмун түзүү жөнүндө Марракеш макулдашуусуна (Балык уулоо жаатындагы субсидиялар жөнүндө макулдашуу) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протоколду ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун биринчи окууда кабыл алуу тууралуу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы демилгелеген (2025-жылдын 18-декабрындагы чыг. № 18-13630) "Женева шаарында 2022-жылдын 17-июнунда Дүйнөлүк соода уюмунун Министрлер конференциясынын он экинчи сессиясында кабыл алынган Дүйнөлүк соода уюмун түзүү жөнүндө Марракеш макулдашуусуна (Балык уулоо жаатындагы субсидиялар жөнүндө макулдашуу) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протоколду ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору биринчи окууда кабыл алынсын.
2. Мыйзам чыгаруу демилгесинин субъекттери Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетине жана бир эле учурда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратынын эксперттик кызматтарына жогоруда аталган Мыйзам долбооруна карата өздөрүнүн жазуу жүзүндөгү сунуштарын жана түзөтүүлөрүн алардын негиздемеси менен 10 жумуш күндүн ичинде жөнөтсүн.
3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитети келип түшкөн жазуу жүзүндөгү сунуштарды, түзөтүүлөрдү эске алуу менен жогоруда аталган Мыйзам долбоорун жеткире иштеп чыксын жана экинчи окууда кароо үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизсин.
4. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төраганын орун басары
К.Л. Ханджеза
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.