# Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2026-жылдын 4-февралындагы № 133-VIII “Кыргыз Республикасынын мал чарбасындагы асылдандыруу иши жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окууда кабыл алуу тууралуу" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2026-жылдын 4-февралындагы № 133-VIII “Кыргыз Республикасынын мал чарбасындагы асылдандыруу иши жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окууда кабыл алуу тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 133-VIII
- Кабыл алынган күнү: 04.02.2026
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 04.02.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230039895>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/6-16703/edition/46395/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230039895.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 04.02.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2026-жылдын 4-февралындагы № 133-VIII “Кыргыз Республикасынын мал чарбасындагы асылдандыруу иши жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окууда кабыл алуу тууралуу" токтому (04.02.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230039895

---

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтому

2026-жылдын 4-февралындагы № 133-VIII

“Кыргыз Республикасынын мал чарбасындагы асылдандыруу иши жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окууда кабыл алуу тууралуу

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши т о к т о м к ы л а т:

1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы демилгелеген (2025-жылдын 19-апрелиндеги чыг. № 18-4217) “Кыргыз Республикасынын мал чарбасындагы асылдандыруу иши жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору экинчи окууда кабыл алынсын.

2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Агрардык саясат, суу ресурстары, жер казынасын пайдалануу, экология жана айлана-чөйрөнү коргоо боюнча комитети жогоруда аталган Мыйзамдын долбоорун кабыл алынган жазуу жүзүндөгү сунуштарды, түзөтүүлөрдү эске алуу менен жеткире иштеп чыксын жана үчүнчү окууда кароо үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизсин.

3. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.

Төраганын биринчи орун басары

Ч.И. Ажибаев
