# Баш-Булак айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2024-жылдын 19-июлу № 26/10 Баш-Булак айыл аймагынын калктуу конуштардын айыл чарбасына арналбаган жерлерди экономикалык пландаштыруу өзгөчөлүктөрүнө жараша К3 коэффициенттеринин диференцияланган базалык ставкаларын бекитүү жөнүндө токтому

- Толук аталышы: Баш-Булак айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2024-жылдын 19-июлу № 26/10 Баш-Булак айыл аймагынын калктуу конуштардын айыл чарбасына арналбаган жерлерди экономикалык пландаштыруу өзгөчөлүктөрүнө жараша К3 коэффициенттеринин диференцияланган базалык ставкаларын бекитүү жөнүндө токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 26/10
- Кабыл алынган күнү: 19.07.2024
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 19.07.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230039874>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-50707/edition/46376/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 19.07.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Баш-Булак айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2024-жылдын 19-июлу № 26/10 Баш-Булак айыл аймагынын калктуу конуштардын айыл чарбасына арналбаган жерлерди экономикалык пландаштыруу өзгөчөлүктөрүнө жараша К3 коэффициенттеринин диференцияланган базалык ставкаларын бекитүү жөнүндө токтому (19.07.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230039874

---

БАШ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Баш-Булак айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезектеги XXVI сессиясы

2024-жылдын 19-июлу № 26/10

Баш-Булак айыл аймагынын калктуу конуштардын айыл чарбасына арналбаган жерлерди экономикалык пландаштыруу өзгөчөлүктөрүнө жараша К3 коэффициенттеринин диференцияланган базалык ставкаларын бекитүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2001-жылдын 7-декабрындагы №104 “Айыл чарбасына арналбаган жерлерди пайдаланбагандыгы үчүн жер салыгын базалык ставкалары” жөнүндөгү мыйзамынын 7-беренесинин негизинде Мамлекеттик салык кызматын Кара-Суу району боюнча башкармалыгынын берген маалыматтарын эске алып, Баш-Булак айылдык кеңешинин туруктуу комиссиясы карап, өзгөртүүлөрдү, түзөтүүлөрдү киргизген сунуштарын талкуулап, Баш-Булак айылдык кенеши ТОКТОМ КЫЛАТ

1. Баш-Булак айыл өкмөтүнүн калктуу конуштарынын айыл чарбасына арналбаган жерлерди экономикалык пландаштыруу өзгөчөлүктөрүнө жараша К3 коэффицентинин диференцияланган базалык ставкалары 2023-жылга айыл өкмөттөгү бардык айылдарда 2,0 өлчөмүндө бекитилсин.

2. Мүлк салыгы Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 50-главасынын 388-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык зоналык коэффицентти К3 базалык ставкасы 2,0 өлчөмүндө бекитилсин.

3.Бул токтомду аткаруу жагы Баш-Булак айыл өкмөтүнүн салык бөлүмүнүн кызматкерлерине жана Баш-Булак айыл өкмөтүнүн башчысына тапшырылсын.

3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин тиешелүү туруктуу комиссияларына тапшырылсын.

Төрага

К.Ж.Абдраев
