# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 9-февралы № 71 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 7-июнундагы № 300 «Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигине караштуу «Кыргызтранснефтегаз» мамлекеттик ишканасын түзүү жөнүндө» токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 9-февралы № 71 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 7-июнундагы № 300 «Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигине караштуу «Кыргызтранснефтегаз» мамлекеттик ишканасын түзүү жөнүндө» токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 71
- Кабыл алынган күнү: 09.02.2026
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 09.02.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230039837>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-50685/edition/46332/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230039837.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 09.02.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 9-февралы № 71 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 7-июнундагы № 300 «Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигине караштуу «Кыргызтранснефтегаз» мамлекеттик ишканасын түзүү жөнүндө» токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" токтому (09.02.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230039837

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

2026-жылдын 9-февралы № 71

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 7-июнундагы № 300 «Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигине караштуу «Кыргызтранснефтегаз» мамлекеттик ишканасын түзүү жөнүндө» токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу Мамлекеттик ишканалардын ишин жөнгө салуу процессин өркүндөтүү максатында, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 11-сентябрындагы № 468 «Мамлекеттик ишканалардын ишин тартипке келтирүү тууралуу» токтомун жетекчиликке алып, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 7-июнундагы № 300 «Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигине караштуу «Кыргызтранснефтегаз» мамлекеттик ишканасын түзүү жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигине караштуу «Кыргызтранснефтегаз» мамлекеттик ишканасынын уставында: 33-пунктта «Ишкананын директорунун сунуштамасы боюнча» деген сөздөр «мамлекеттик башкаруу органынын сунуштамасы боюнча» деген сөздөргө алмаштырылсын.

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2026-жылдын 13-февралындагы № 10 (3770) саны менен жарыяланды.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

А.А. Касымалиев
