# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 10-февралындагы № 81 "Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын штаттык санынын чегин, түзүмүн жана штаттык расписаниесин бекитүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 10-февралындагы № 81 "Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын штаттык санынын чегин, түзүмүн жана штаттык расписаниесин бекитүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 81
- Кабыл алынган күнү: 10.02.2026
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 10.02.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230039816>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-50673/edition/46316/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230039816.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 10.02.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 10-февралындагы № 81 "Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын штаттык санынын чегин, түзүмүн жана штаттык расписаниесин бекитүү жөнүндө" токтому (10.02.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230039816

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

2026-жылдын 10-февралы № 81

Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын штаттык санынын чегин, түзүмүн жана штаттык расписаниесин бекитүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин уюштуруу, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 27-октябрындагы № 383, 2025-жылдын 18-ноябрындагы № 401 тескемелерин ишке ашыруу максатында, “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларынын штаттык санынын чеги жөнүндө жана эмгегине акы төлөөнүн шарттары тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1-беренесине, “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 38, 43 жана 50-беренелерине, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Төмөнкүлөр бекитилсин:

– айыл өкмөтүнүн штаттык санынын чеги 1-тиркемеге ылайык;

– облустук жана райондук маанидеги шаарлардын мэрияларынын штаттык санынын чеги 2-тиркемеге ылайык;

– жергиликтүү кеңештердин (облустук жана райондук маанидеги шаарлардын шаардык кеңештеринин, айылдык кеңештердин) штаттык санынын чеги 3-тиркемеге ылайык;

– айыл өкмөтүнүн типтүү түзүмү 4-тиркемеге ылайык;

– облустук жана райондук маанидеги шаарлардын мэрияларынын типтүү түзүмү 5-тиркемеге ылайык;

– жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын штаттык расписаниесинин типтүү формасы 6-тиркемеге ылайык.

2. Төмөнкүлөр белгиленсин:

– айыл өкмөтүнүн түзүмү жана штаттык расписаниеси айыл өкмөтүнүн башчысы тарабынан бекитилет;

– облустук жана райондук маанидеги шаарлардын мэрияларынын түзүмү жана штаттык расписаниеси мэр тарабынан бекитилет;

– облустук жана райондук маанидеги шаарлардын шаардык кеңештеринин, ошондой эле айылдык кеңештердин түзүмү жана штаттык расписаниеси жергиликтүү кеңештердин төрагасы тарабынан бекитилет.

3. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына төмөнкүлөр сунушталсын:

– ушул токтомдо жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралгандарды кошпогондо, атайын каражаттардын же башка каржылоо булактарынын эсебинен штаттык кызматкерлерди кабыл албоо;

– эки айлык мөөнөттө түзүмүн жана штаттык санын, ошондой эле өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирүү;

– Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ушул токтомдон келип чыгуучу башка чараларды көрүү.

4. Бул токтомду ишке ашыруу жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары үчүн тиешелүү жылга жана келерки жылдарга каралган каражаттардын чегинде жүргүзүлөт деп белгиленсин.

5. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:

1) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 7-февралындагы № 52 “Пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү мезгилинде Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын ишин уюштуруу жөнүндө” токтому;

2) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 23-апрелиндеги № 192 “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 7-февралындагы № 52 “Пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү мезгилинде Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын ишин уюштуруу жөнүндө” токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу” токтому;

3) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 28-майындагы № 278 “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 7-февралындагы № 52 “Пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү мезгилинде Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын ишин уюштуруу жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” токтому;

4) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 16-июлундагы № 419 “Республикалык маанидеги шаарлардын мэрияларынын типтүү түзүмүн, штаттык санынын чегин, штаттык расписаниесинин формасын бекитүү жөнүндө” токтомунун 4-пунктунун 1-пунктчасы;

5) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 18-декабрындагы № 812 “Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин жана республикалык маанидеги шаарлардын мэрияларынын ишин жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” токтомунун 3-пункту;

6) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 30-январындагы № 41 “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин республикалык маанидеги шаарлардын шаардык кеңештеринин штаттык санынын чегин жана штаттык расписаниесинин формасын аныктоо чөйрөсүндөгү айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” токтомунун 1-пункту.

6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

7. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

«Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 2026-жылдын 13-февралындагы № 10 (3770) саны менен жарыяланды

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

А.А. Касымалиев

1-тиркеме

Айыл өкмөтүнүн штаттык санынын чеги

№

Кызмат орундарынын аталышы

Калктын санына ылайык штаттык саны

10000ге чейин адам

10001ден 25000ге чейин адам

25001ден жогору адам

1

Айыл өкмөтүнүн башчысы

1

1

1

2

Башчынын орун басары

1

1

1

3

Жооптуу катчы

\-

1

1

4

Бөлүм башчысы

1

1

1

5

Башкы адис

3

3

4

6

Жетектөөчү адис

2

3

3

7

Адис

1

2

3

Бардыгы:

9

12

14

Техникалык жана кенже тейлөөчү персонал

3

4

5

Бардыгы:

12

16

19

Эскертүү:

1. Айыл аймагынын, айыл өкмөтүнүн максатка ылайыктуулугуна, керектөөлөрүнө, максаттарына, милдеттерине, өзгөчөлүгүнө жана калкынын санына жараша штаттын жалпы санынан тышкары, контракттык негизде кошумча штаттык бирдиктер кабыл алынышы мүмкүн: калктын саны 10000ге чейин - 4 кызматкерге чейин; калктын саны 10001ден 25000ге чейин - 6 кызматкерге чейин; калктын саны 25001ден жогору - 8 кызматкерге чейин.

2. Мамлекеттик ыйгарым укуктар айыл өкмөттөрүнө эскертүүнүн 1-пунктунда каралган бирдиктерден тышкары контракттык негизде өткөрүп берилиши мүмкүн.

3. Айыл статусуна ээ болгон калктуу конушта, айыл аймагынын административдик борбору болуп эсептелген калктуу конушту кошпогондо, айыл башчысынын кызмат орду аталган кызмат ордун жергиликтүү бюджеттин каражаттарынын эсебинен каржылоону камсыз кылуу мүмкүнчүлүгү болгон шартта контракттык негизде каралышы мүмкүн.

4. Калкы 10 миң адамга чейинки айыл өкмөтүндө айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басарына айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысынын функциялары кошумча жүктөлөт.

2-тиркеме

Облустук жана райондук маанидеги шаарлардын мэрияларынын штаттык санынын чеги

№

Кызмат орундарынын аталышы

Калктын санына ылайык штаттык саны

15000ге чейин адам

15001ден 30000ге чейин адам

30001ден 60000ге чейин адам

60001ден 90000ге чейин адам

90001ден 120000ге чейин адам

120001ден жогору адам

1

Мэр

1

1

1

1

1

1

2

Мэрдин орун басары

\-

1

1

2

3

4

3

Аппарат жетекчиси

1

1

1

1

1

1

4

Бөлүм башчысы

1

1

1

2

2

3

5

Сектор башчысы

1

1

1

1

2

3

6

Башкы адис

4

4

5

5

6

7

7

Жетектөөчү адис

3

4

4

4

5

6

8

Адис

2

2

3

3

5

6

Бардыгы (жооптуу кызматкерлер)

13

15

17

19

25

31

Техникалык жана кенже тейлөөчү персонал

3

4

4

5

5

5

Бардыгы (жооптуу кызматкерлер)

16

19

21

24

30

36

Эскертүү:

1. Шаардын максатка ылайыктуулугуна, керектөөлөрүнө, максаттарына, өзгөчөлүгүнө жана калкынын санына жараша мэриянын штаттык бирдиктеринин жалпы санынан тышкары, калктын саны 15000ге чейин - 3 кызматкерге чейин, калктын саны 15001ден 30000ге чейин - 4 кызматкерге чейин, калктын саны 30001ден 90000ге чейин - 5 кызматкерге чейин, 90001ден жогору - 6 кызматкерге чейин кошумча штаттык бирдиктер контракттык негизде кабыл алынышы мүмкүн.

2. Мамлекеттик ыйгарым укуктар шаарлардын мэрияларына эскертүүнүн 1-пунктунда каралган бирдиктерден тышкары контракттык негизде өткөрүп берилиши мүмкүн.

3. Аймагынын аянты 100000 гектардан ашкан шаарлардын мэриялары үчүн тейлөө аймагынын чоңдугуна байланыштуу муниципалдык ыйгарым укуктарды жүзөгө ашыруунун татаалдыгы жогорулагандыгын эске алуу менен штаттык бирдиктердин санынын чеги жети бирдикке чейин көбөйтүлүшү мүмкүн.

3-тиркеме

Жергиликтүү кеңештердин (облустук жана райондук маанидеги шаарлардын шаардык кеңештеринин, айылдык кеңештердин) штаттык санынын чеги

№

Кызмат орундарынын аталышы

Калкынын саны 6001ден 20000 адамга чейинки айыл аймактары жана шаарлар үчүн штаттык бирдиктердин саны

Калкынын саны 20001ден 100000 адамга чейинки айыл аймактары жана шаарлар үчүн штаттык бирдиктердин саны

Калкынын саны 100001 адамдан ашык айыл аймактары жана шаарлар үчүн штаттык бирдиктердин саны

1

Төрага

\-

1

1

2

Жооптуу катчы

1

1

1

3

Башкы адис

\-

\-

1

Бардыгы:

1

2

3

Техникалык жана кенже тейлөөчү персонал

\-

1

1

Бардыгы:

1

3

4

Эскертүү. Жергиликтүү кеңештин чечими менен катчы-иш кагаздарын жүргүзүүчүнүн бир штаттык бирдиги, кызматтык автомобиль болгондо айдоочунун бир штаттык бирдиги киргизилиши мүмкүн. Жергиликтүү кеңештин бухгалтердик эсебин жана отчеттуулугун жүргүзүүнү мэриянын/айыл өкмөтүнүн башкы бухгалтери жүзөгө ашырат.

4-тиркеме

Эскертүү. (\*) Калктын саны 10000 адамга чейинки айыл өкмөттөрүндө жооптуу катчынын штаттык бирдиги каралган эмес.

5-тиркеме

6-тиркеме

Бекитем

Мэр/Айыл өкмөтүнүн башчысы

\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ (аты-жөнү)

202\_\_\_-жылдын "\_\_\_" \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын штаттык расписаниесинин ТИПТҮҮ ФОРМАСЫ

\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ (ЖӨБО аталышы) сом менен) \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_

№

Муниципалдык кызмат орундарынын реестриндеги категориясы

Аты-жөнү

Кызмат орундарынын аталышы

Бирдиктердин саны

Минималдуу базалык ставка

Эселөө коэффициенти

Түзөтүү коэффициенти

Кызматтык маяна

Үстөктөр жана кошумча акылар

Бир айлык эмгек акы бардыгы

Жалпы бир айлык эмгек акы

Эмгек өргүү төлөмү

Эмгек өргүүгө 2 дарылоо жөлөкпулу

Сый акылар

Жылдык эмгек акы фонду

Соцфондго чегерүүлөр

Жылдык эмгек акы төлөө фонду

Иштеген жылдары үчүн үстөк

Класстык чени

Бийик тоолуу шарттарда жана алыскы барууга кыйын зоналарда иштеген жылдары үчүн үстөк

Илимий даражасы үчүн үстөк

Жашыруун мүнөздөгү иши үчүн кызматтык маяналарына үстөк

Башка үстөктөр жана кошумча акылар (аталышын кошуу)

%

сумма

сумма

%

сумма

сумма

%

сумма

%

сумма

сумма

сумма

сумма

сумма

сумма

сумма

сумма

сумма

1

2

3

4

5

6

7

8

9

10

11

12

13

14

15

16

17

18

19

20

21

22

23

24

25

26

27

Башкы бухгалтер

\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_

\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_

(колу)

(аты-жөнү)

Жооптуу катчы

\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_

\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_

(колу)

(аты-жөнү)
